Аналитика

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаңы геосаясий күрөш

Акыркы жумаларда Чыгыш Жер Ортолук деңизде болгон абалдар, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан турган аймактагы геосаясий күрөшкө байланыштуу картанын так түрдө ортого чыгышына мүмкүнчүлүк түздү. Супер геосаясий күрөш аянты катары аныктоого боло турган бул аймактын алдыбыздагы мезгилде көп актердуу конкуренция боло турган аймактардын бири болоруна эч шек жок.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде болгон абалдар, Жакынкы Чыгышта болгон геосаясий конкуренциянын уландысы катары каралууда.

Сауд Арабия менен Бириккен Арап Эмираттары Левант аймагында Египет жана Израилдин табигый союздашы катары Жер Ортолук деңиздеги конкуренцияга  кошулду. Бул фронттун негизги максаты Түркиянын курчоого алынышы жана чектелиши. Бул жерде сөзү болгон өлкөлөр Греция менен Рум бөлүгү менен жаңы бир союздаштык түзгөн болуп жатат. Акыркы учурларда Бириккен Арап Эмираттары  – Греция машыгуусу буга мисал катары көрсөтүлүүдө.

Бул блоктун негизги максаты Түркияны курчоого алуу жана чектөө. Курчоого алуу Түркияга каршы геосаясий блоктун Түркиянын кыймыл аянтын тарайта турган саясаттарды ишке киргизиши. Чектөө болсо Түркиянын аскердик күчүн тең салмактуу абалга алып келип аскердик таасирин минималдаштыруу деп мүнөздөлө алат.

Курчоого алуунун алгачкы элементтеринин бирөөсү Түркияны тең салмактоо үчүн эл аралык бир коалиция түзүү. Ушул мааниде грек медиасында Түркия суук согуш мезгилиндеги советтер союзуна окшотулууда. Курчоого алуунун экинчи бир себеби Жер Ортолук деңиз өлчөмүндө геосаясий жана гео –  экономикалык күрөш түзүүдө. Бул жерде Түркиянын Ливия жана Жер Ортолук деңиз кыймылдары тынчсыздануунун негизги булагы болууда. Түркияны курчоого алуу үчүн түзүлгөн союздаштыкта Греция көч башында, Франция болсо агрессивдүү кадамдар менен өзүнө орун табууга аракет кылган актер катары ортого чыгууда. Макрондун Левантта өзүнө жаңы бир жер табууга аракет кылышына бул багытта ташталган кадам катары кароо керек. Франция Европада боштукту мурунку күчүн ордуна келтирүү менен толтуруу жана Германиянын алдында жаңы бир позицияга жетүүнү каалап жатат. Греция болсо абдан жөнөкөй негиздер менен кыймыл кылууда. Түркия борборго жайгаштырылган «идеологиялык» эллендик  стратегияны четке кага турган болсо максат Түркиянын алдында жалгыз калбоо үчүн көп тараптуу коалициянын бир бөлүгү катары баазарга чыгаруу. АКШ, Израиль, БАЭ, Египет, Франция, Сауд Арабиясына  жанашуунун себеби да ушул. Акыйкаттан да жалгыз Түркия менен калуу сценарийи Грециянын терең коркуу сезиминин кайрадан ортого чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Чектөө стратегиясы болсо аскердик элементтерди камтууда. Ушул мааниде АКШ  –  Греция коргонуу кызматташуусу демилгесинин Түркияны аскердик жактан тең салмактоо максатында экендиги абдан ачык. Ушул алкакта АКШнын акыркы мезгилде таштаган кадамдарын чектөөдө пайда бар. Криттеги  Соуд аскердик базасын кеңейтүү менен модернизацияланышы, Лариса аэропортунун жаңылануусу, Стефановикейо  авиабазасынын көлөмүнүн чоңойтулушу, Дедеагач портунун жаңыланышы сыяктуу абалдар эң негизгилердин арасында орун алууда. Бир тараптан АКШнын Ф  – 35  тууралуу Грецияга жанашуусу, Грециянын Франциядан 18 даана Рафале моделиндеги учак алышы тууралуу жагдайлар да Түркияны тең салмактоого карата  кыймылдардын арасында.

Бир тараптан Вашингтон башкаруусунун рум бөлүгүнө карата курал эмбаргосун жойгондугун билдириши да тизмеге кошулушу керек. Бирок бул жерде азырынча АКШнын рум бөлүгүнө оор куралдарды бериши күтүлүүдө. Акыйкаттан да мындай бир кыймылдын Түркияны жоготуу жана Кипр аркылуу түрк альтернативаларынын турмушка ашырылышы деген мааниге келерин баары болжолдоп жатат. Бул жерде 1997 –  жылдагы кризисти эске салууда пайда бар. Рум башкаруусунун Россиядан  С  – 300дөрдү аларда Түркиянын аралды блокадага алуу жана кийлигишүү карточкасын бир учурда алуусу менен Рум башкаруусу ракеталарды Грецияга бергенге  мажбур болду.

Түркиянын курчоого алынышы жана чектелиши азырынча саясий бир долбоор. Долбоордун турмушка ашырылышы эң көп НАТОго зыянын тийгизет. Чыгыш Жер Ортолук деңиз бул мааниде эң негизги тесттердин бирөөсү болду. Чыгыш Жер Ортолук деңиз мындан кийин геосаясий, геоэкономикалык жана аскердик чыңалууларга бат  – бат сахна болот. Бул чыңалууда чечкиндүү жана сабырдуу болгон гана ийгиликтүү чыгат.

Автору
Мурат Йешилташ
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button