Аналитика
Маанилүү

Өгөйлөнгөн Кыргызстан: «Туңгуюкка кептелген тышкы саясат»

Соңку аптада Кыргыздын тышкы саясаттагы позициясына, абалына, мындан улам тышкы иштер министрлигине карата айтылган сындар күчөдү.

Буга 2 окуя себеп болду. Биринчиси, АКШнын Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына визалык чектөө киргизүүсү. Президент Дональд Трамптын буйругуна ылайык, кыргыздардын АКШга иммиграциялык виза алуусуна тыюу салынды. Муну АКШ тарап өлкө америкалык коопсуздук стандарттарына жооп бербегени жана маалымат алмашуу милдетин аткара албаганы үчүн деп түшүндүрдү. Кыргыз өлкөсү жарандарынын АКШ аймагында жашап, иштөөсүнө тыюу салынган дүйнөдөгү 13 өлкөнүн бирине айланды. Тизмеде Түндүк Корея, Сирия, Ливия, Иран жана бир топ Африка өлкөлөрү бар.

Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бул чектөөсүн сындап чыкты.

“Кыргыз өлкөсү эл аралык коопсуздукту камсыздаган активдүү катышуучу. АКШнын бул чечимин биз эки тараптуу кызматташтыкка аракети жок деп кабыл алдык. Бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизди” дейт министрлик.

Жарандык коом Кыргыз өлкөсү тышкы саясатта чабалдык кылууда, АКШнын визалык чектөөсү мунун далили деп жатат. ТИМ АКШ менен сүйлөшүүлөргө барып, бул чектөөнүн алдын алса болот эле деген пикир басымдуулук кылууда. Эксперттер да бул окуяда күнөөнү АКШдан эмес, Кыргыз тараптан издөөдө.

ТИМдин башчысы Чыңгыз Айдарбековдун тышкы саясатыбызды чеңгелдеп келе жатканына туура бир жыл 6 ай болуптур. Бир жарым жыл айтууга оңой болгону менен оголе көп убакыт. Бул аралыкта колунан иш келчү адам унчукпастан үйдөй жумуштарды бүтүрүп койо алат.

А биз сөз кылып жаткан «билерман» бир жарым жылда эмне иш бүтүрдү? Албетте, протоколго ылайык кирди-чыкты күнүмдүк иштерди бүтүрсө бүтүргөндүр. Башка көрүнүктүү иштерин ким санай алат?

Өкмөттө ич ара интригалар ырбап, өлкөбүздүн тышкы саясаты кедеринен кетип, мунун айынан иш бир калыпта жүрбөй калган. Абылгазиведин шаштысы кетип турганда ушундай «тапталмалар» ишенимдүү кадр болуп бере алабы?

Экинчи окуя – АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Казакстан менен Өзбекстанга иш сапары менен келип, Кыргызстандын босогосун аттабай кеткени. Убагында Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы аталып, АКШ, Европа өлкөлөрү чөлкөмдө биринчи болуп Кыргызстанга көңүл бурчу. Помпеонун Кыргызстанга кайрылбай кетиши – Кыргыз өлкөсү демократиялык өзгөчөлүгүн жоготконунун белгиси деп бааланууда.

Үчүнчү окуя — 31-январь күнү Алматы шаарында өткөн Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары биримдиктеги чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулоо үчүн чогулушту. ЕАЭБдин Алматыда өткөн өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында жалпысынан 13 документке кол коюлду. Анын көпчүлүгү экономикалык биримдиктин интеграциясын тереңдетүүгө багытталган. Мындан сырткары анда уюмга кирбеген өлкөлөр менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жагы да каралган.

Орусиянын жаңы дайындалган өкмөт башчысы Михаил Мишустин жыйындын алкагында Казакстандын, Беларустун жана уюмга байкоочулук кылган Молдованын премьер-министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Михаил Мишустиндин кол алышкан сүрөттөрүн жарыялап, бирок эки тараптуу жолугушуу тууралуу кабар тараткан жок.

Жаңы дайындалган өкмөт башчы Мишустин үчүн Абылгазиев менен жолугуу абдан маанилүү болчу. Демек, Мишустин кыргыз өкмөтүн «признавать этпейт» экен да? Кырдаал ушунчалык татаалданып, Кыргыз өкмөтүнүн кадыры «жердин битиндей» эле болуп калганына чоң ишарат.

Төртүнчү окуя — Чек арада апта сайын чыр чыкты. Экономикасы бизден алсыз, биз алардан 10 жыл алдыга кеттик деп тоготпой жаткан коңшулаш Тажикстанга өзүбүздүн аймактын ичинде жаткан Ворух анклавын алдырып койдук. «Өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа» деген принцип ушул жерден дагы бир жолу иштебей калды.

Бешинчи окуя — Дагы бир кошунабыз Өзбекстандын Жогорку жана орто билим берүү министри Имом Мажидов «Борбор Азия мамлекеттериндеги өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы университеттерге оңой эле которо алат» деген буйрукту 6-февралда чыгарды.

Министрликтин «Телеграмдагы» каналында жарыяланган буйрукта көрсөтүлгөндөй, студенттер окуусун Өзбекстанга которуу үчүн эч кандай кошумча сынак тапшырбайт. Башында бул үчүн 7-февралдан 15-февралга чейин гана убакыт берилген. 11-февралда аталган министрлик бул мөөнөттү 15-мартка чейин узартылганын жарыялады.

Убакыт кыска болгондуктан, коңшу мамлекетте окуп жаткан өзбек жаштары жапырт аракет көрө баштады. Ошто жалпысынан 20 000дин тегерегинде Өзбекстандан келген студенттер билим алышчу. Эгер бардык студенттерин чакыртып алса Ош шаарындагы калктын активдүү бөлүгү кескин кыскарууга дуушар болот. Алар коомдук транспорт менен каттап, биздин базарлардан соода-сатык кылып, ашкана, кафелерден тамактанышчу. Демек, бул да экономикабызга залакасын тийгизбей койбойт. Муну Мирзиёев билип туруп эле жасап жатпайбы? Коңшум капа болот дебей мындай кескин түрдө чечим кабыл алышы эмнеден кабар берет?

Алтынчы окуя — Кыргызстан үчүн Кытай негизги экономикалык өнөктөш мамлекет деп саналат. Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товарлар жалпы көлөмдүн 70 пайызын түзөт. Ат-Башыга логистикалык борбор, Солтон-Сары кениндеги чуу, ж.б Кытайга каршы жаралган маанай эки өлкөнүн достугуна кедергисин тийгизип жатат. Бул да болсо бийликтин, анын ичинде Тышкы Иштер Министрлигинин чабалдыгы экенидигинин дагы бир белгиси.

Текст окугандан башкага жарабаган кадрды алып барып КТРКга директорлукка… жок дикторлукка койсо жарашат. Татыктуу өз пикири жок, «эт менен челдин ортосундагы» мындай кадрлардын кимге кереги бар? «Чыңгыз, сен түйүнчөгүңдү түйө бер» деп айтса болчудай окшойт…

Кыскасы, Кыргызстандын геосаясий абалы өтө оорлоп, «жетим жүгүрүк» эле болуп калды.

Биз азырынча ушул жагын гана тизмектей туралы. Эгер ички саясат жөнүндө сөз кыла турган болсок Асан Кайгы кабырында тынч жата албай калат…

 

Live Covid-19
USA 1 768 608
Жуктургандар: 1 768 608
Каза тапкандар: 103 344
Айыккандар: 498 762
Активдүү: 1 166 502
Brazil 438 812
Жуктургандар: 438 812
Каза тапкандар: 26 764
Айыккандар: 193 181
Активдүү: 218 867
Russia 387 623
Жуктургандар: 387 623
Каза тапкандар: 4 374
Айыккандар: 159 257
Активдүү: 223 992
Spain 284 986
Жуктургандар: 284 986
Каза тапкандар: 27 119
Айыккандар: 196 958
Активдүү: 60 909
UK 269 127
Жуктургандар: 269 127
Каза тапкандар: 37 837
Айыккандар: -
Активдүү: 231 290
Italy 231 732
Жуктургандар: 231 732
Каза тапкандар: 33 142
Айыккандар: 150 604
Активдүү: 47 986
France 186 238
Жуктургандар: 186 238
Каза тапкандар: 28 662
Айыккандар: 67 191
Активдүү: 90 385
Germany 182 495
Жуктургандар: 182 495
Каза тапкандар: 8 574
Айыккандар: 164 100
Активдүү: 9 821
India 167 442
Жуктургандар: 167 442
Каза тапкандар: 4 797
Айыккандар: 71 406
Активдүү: 91 239
Turkey 160 979
Жуктургандар: 160 979
Каза тапкандар: 4 461
Айыккандар: 124 369
Активдүү: 32 149
Iran 146 668
Жуктургандар: 146 668
Каза тапкандар: 7 677
Айыккандар: 114 931
Активдүү: 24 060
Peru 141 779
Жуктургандар: 141 779
Каза тапкандар: 4 099
Айыккандар: 59 442
Активдүү: 78 238
Canada 88 512
Жуктургандар: 88 512
Каза тапкандар: 6 877
Айыккандар: 46 840
Активдүү: 34 795
Chile 86 943
Жуктургандар: 86 943
Каза тапкандар: 890
Айыккандар: 36 150
Активдүү: 49 903
China 82 995
Жуктургандар: 82 995
Каза тапкандар: 4 634
Айыккандар: 78 291
Активдүү: 70
Mexico 81 400
Жуктургандар: 81 400
Каза тапкандар: 9 044
Айыккандар: 56 638
Активдүү: 15 718
Saudi Arabia 80 185
Жуктургандар: 80 185
Каза тапкандар: 441
Айыккандар: 54 553
Активдүү: 25 191
Pakistan 64 028
Жуктургандар: 64 028
Каза тапкандар: 1 317
Айыккандар: 22 305
Активдүү: 40 406
Belgium 58 061
Жуктургандар: 58 061
Каза тапкандар: 9 430
Айыккандар: 15 682
Активдүү: 32 949
Qatar 52 907
Жуктургандар: 52 907
Каза тапкандар: 36
Айыккандар: 20 604
Активдүү: 32 267
Netherlands 46 126
Жуктургандар: 46 126
Каза тапкандар: 5 931
Айыккандар: -
Активдүү: 40 195
Bangladesh 42 844
Жуктургандар: 42 844
Каза тапкандар: 582
Айыккандар: 9 015
Активдүү: 33 247
Belarus 40 764
Жуктургандар: 40 764
Каза тапкандар: 224
Айыккандар: 17 390
Активдүү: 23 150
Ecuador 38 471
Жуктургандар: 38 471
Каза тапкандар: 3 313
Айыккандар: 18 425
Активдүү: 16 733
Sweden 36 476
Жуктургандар: 36 476
Каза тапкандар: 4 350
Айыккандар: 4 971
Активдүү: 27 155
Singapore 33 860
Жуктургандар: 33 860
Каза тапкандар: 23
Айыккандар: 18 294
Активдүү: 15 543
UAE 32 532
Жуктургандар: 32 532
Каза тапкандар: 258
Айыккандар: 16 685
Активдүү: 15 589
Portugal 31 946
Жуктургандар: 31 946
Каза тапкандар: 1 383
Айыккандар: 18 911
Активдүү: 11 652
Switzerland 30 828
Жуктургандар: 30 828
Каза тапкандар: 1 919
Айыккандар: 28 300
Активдүү: 609
South Africa 27 403
Жуктургандар: 27 403
Каза тапкандар: 577
Айыккандар: 14 370
Активдүү: 12 456
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close