Аналитика
Маанилүү

“Чоң Казаттын” демилгесин “Ата Мекен” эңип кеттиби?

Жакынкы жумалардан бери социалдык тармактарда “Чоң Казат” деген кыймыл пайда болуп, айрым аткаминерлерди коррупцияга күнөөлөп, айрымдарынын атын атап баштады. Эске сала кетсек, «Чоң казаттын» лидерлери  депутаттар Кубанычбек Жумалиевди, Акылбек Жапаровду, Исхак Пирматов ж.б экс аткаминерлерди мыйзамсыз баюуга айыптап чыгышкан.

Бирок алардын лидерлери деп саналган Сыймык Жапыкеев, Канат Хасанов жана Максат Мамыткановдор саясий тажрыйбасынын жоктугунанбы айтор, биринчи соккудан эле алапайын таппай калышты.

Саясат майданында көп тажрыйбага ээ “Атамекенчилер” бул демилгени илип кетти.

“Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхында бир дагы кен-байлык толугу менен мамлекеттин пайдасына иштеген жок. Ала-Тоо колунда бийлиги, байлыгы бар адамдар менен чет өлкөлүк шылуун инвесторлор майкандаган жерге айланды. Мындай эл байлыгынан элди кур калтырган уурулук жол түбөлүк улана бербеш керек. Ала-Тоонун кен-байлыгы алатоолуктарга кызмат кылчу учур келди. Миңдеген жылдар бою кыргыз эгемен мамлекет болуп, түндүк көтөргөндө мамлекет курганга колдонсун деп каны менен сактап келген Ала-Тоонун кен-байлыктары эртеңи кандай болору бүгүн чечилип жаткан дүйнөлүк кризис учурунда бир ууч топтун кызыкчылыгында иштебеш керек. Кыргызстандын 7 облус, 40 районунда жайгашкан бардык кен-байлыкты иретке салып, мамлекетке пайда келтирбей иштетилип жаткан кендерди ачыктоочу, керек болсо кайра элге алчу мезгил жетти.“- деген ураан менен “Эл байлыгы элге!” жаштар кыймылы түзүлдү.

“Чоң казабыз” деп чоң саясатка аттанган “Чоң Казатчыларды” ээрчигендер эми “Ата мекендин” катарына кошулат окшойт. Анткени, булардын саясий тажрыйбасы, парламентте фракциясы да бар. Кааласа, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинен, кааласа ИИМ жана прокуратурадан маалымат алууга мүмкүнчүлүгү бар…

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button