АналитикаСаясат

“Чоң Казаттын” артында кимдер турат?

«Чоң казат» кыймылы “Ууруларды тонойбуз” деген чакырык менен социалдык тармакта өзгөчө кыргыз тилдүү колдонучулар арасында популярдуу болду. 

Долбоор көп жылдан бери эле бар, бирок “Чон казат” хайпты эми кармады. Коронавирус учурунда эл үйдө отуруп, ар бир тыйынды санап жаткан кезде, коменданттык саат алынгандан кийин дагы бийлик жөнөкөй кыргызстандыктардын жашоосун оорлоткон ар кандай жаңы эрежелерди ойлоп таап жаткан маалда саясий айдыңда кыргыз Робин Гудунун пайда болгону суроо-талап жаратты. Чоң казатчылар жөнөкөй бирок эффективдүү пиар жасашты. Алар аткаминерлердин, мурдагы аткаминерлердин жана депутаттардын тизмесин түзүп, аларды коррупционер деп күнөөлөдү.  Андан соң укук коргоо органдарынан алардын байлыгынын булактарын иликтөөнү талап кылууга гана чакырбастан, алардын хансарайларына барып, элден уурдап алгандарын кайтарып берүүсүн талап кылууга чакырышты.

 «Чоң казатты» ким жетектейт?

“Чоң казаттын” идеологдорунун бири — Максат Мамытканов. Келерки жылдын кышында ал 50 жашка толот. Ачык булактарда башкы чоң казатчы тууралуу маалымат аз. Чекисттик жолду басып өткөндүктөн окшобойбу. 1997-жылдан 2007-жылга чейин Мамытканов органдарда кызмат өтөп, өз убагында керек болсо Улуттук коопсуздук кызматынын экономикалык чалгындоо башкармалыгын да жетектеген, ал башкармалык учурда УКМКнын коррупция жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмү болуп калган. Мамытканов “конторадан” кызматтан кеткен себебин атабай келет, “жетекчилик менен көз карашыбыз келишпей калды”, “мафия менен иштегим келген жок” деп түшүндүрүп келет.

Сүрөттө: Максат Мамытканов

Ал эми аны менен мурунтан бери тааныш болуп келген Сыргак Абдылдаев 2016-жылдын 26-февралында АКИpress маалыматтык агенттигинин “Пикирлер” бөлүмүндө жарыялаган макалада Мамыткановду УКМКдан “түртүп чыгарып” коюшканы айтылат (Абдылдаевдин сөзү). Бирок өтө деле абройго ээ болбогон Абдылдаев ишенимдүү булак эмес. Ошол эле учурда Абдылдаевдин жазганы боюнча Мамытканов кандай чөйрөдө жүргөнүн бир аз аныктоого мүмкүн. Абдылдаев баяндап жаткан маал Мамытканов коллектордук компаниянын дикректору (2007-2010-жылдар) болуп турган учурга туш келет. Апрель окуяларынан кийин Мамытканов аз убакыт «Альфа-Телеком» ЖАКынын коопсуздук боюнча директору болуп иштеген, ал жактан  «Consulting Media» ЖЧКсынын директорлук креслосуна отурган. Андан соң Мамыткановдун эмгек жолу кандай болгону белгисиз. Былтыртан бери ал ММКларга маек берип, өзүн юрист, экономист, эксперт, саясатчы катары көрсөтүп келет. Бирок “Чоң казаттын” лидери кайсы каражаттарга жашайт, кайдан киреше келет азырынча коомчулукка белгисиз.

“Чоң казаттагы” дагы бир фигура Сыймык Жапыкеев. Ал тууралуу маалыматтар ачык булактарда көп эмес. Бирок дал ошо Сыймык коррупцияга каршы күрөшүүчү, чындык үчүн күйгөн адам катары өзгөчө ыкма менен чыккан башкы адам болуп калууда.

Сүрөттө: Сыймык Жапыкеев

YouTube каналындагы белгилүү блогунда Жапыкеев “кыргыздар уурулардын жүзүн билиши керек” деп айтып, элди чогулуп депутат Кубанычбек Жумалиевдин үйүнө барып, нотариусту кошо ээрчите барып байлыктарын жаздырып, Кытайдагы карыздан кутулууга чакырып жатат.

Жумалиев да күтүп отурбастан Жапыкеевдин үстүнөн ИИМге арыз жазып, аброюн коргоп берүүнү өтүнүп 10 милион сом талап кылды.

Жумалиевге “асылганы” эмнеге мынча резонанстуу болду түшүнүксүз. Себеби буга чейин Исхак Пирматов жана Тайырбек Сарпашев тууралуу да ушундай сөздөр айтылган болчу.

Сүрөттө: Канат Хасанов

“Чоң казаттын” үчүнчү активдүү катышуучусу – бул жактоочу Канат Хасанов. Анын ысымы калкка белгилүү жактоочу катары белгилүү жана ачык булактарда Хасанов тууралуу маалымат көп. Анын ичинде жеке маалыматтар дагы.

Бул аталган үч адамдан сырткары “Чоң казатта” жок дегенде 2 активист бар деген маалыматтар чыгууда – ал буга чейин эч жакта чыкпаган орус улутундагы жаш кыз жана Жаныбек деген врач-хирург.

Кыргыз коомчулугу божомолдорду жакшы көрөт. Ошондуктан “Чоң казаттын” айланасында көптөгөн ушактар айтылып, алардын түзүлүшү, саясий технологиялык максаты жана каржылык колдоосу тууралуу ар кандай кептер айтылууда.

Мисалы, айрымдар “Чоң казат” Атамбаевдин колдоосундагы Урмат Барыктабасовдун долбоору экенин айтышууда. Мындай кептердин жаралуусуна кыймылдын лидерлеринин Ысык-Көлдөн экени себеп болуп жатса керек.

Башка версия боюнча “Чоң казат” – бул бийликтин долбоору, анын жардамы менен өз алдынча иш кылган байларды сүрүп чыгарып, аларды бийликке жакыныраактар менен алмаштыруу аракети. Өз учурунда Владимир Путин Ельциндин олигархтарын жоготуп, алардын ордуна “Озеро” деп аталган белгилүү кооперативдеги досторун алып келген.

Бирок “Чоң казат” эч кандай буйрутмачылар жок эле, негиздөөчүлөрдүн эле долбоору дегендер да бар. Бир чети бул кыймыл популярдуу болуп кеткендиктен көптөгөн саясий күчтөр булар менен иштешкиси келсе керек. “Чоң казатчылар” ар кандай сунуштарды кабыл алары 13-майда белгилүү болду. Максат Мамытканов YouTube аркылуу алар (кыймылдын лидерлери тууралуу айтты окшойт) шайлоого катыша турганын ачык жар салды.

«Чоң Казаттын» демилгесин «Ата Мекен» эңип кеттиби?

Баса, Мамыткановдун бул билдирүүсүнөн кийин кыймылды адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн кыймыл катары санагандардын ою ойрон болуп, кадимки эле шайлоо алдындагы долбоор турбайбы деген күдүк ойлорду жаратты. Ошондуктан жакынкы күндөрү “Чоң казаттагыларды” кайсы бир партиянын тизмесинин сап башынан көрүп калуубуз толук мүмкүн. Балким, дал ушул максатта “Чоң казатчылар” ушул оюнду ойлоп чыгышкандыр.

 «Чоң казат» феномени

Биринчиден, бийлик “Чоң казаттын” феноменин анализ кылып, коомчулукта адилеттүүлүккө болгон суроо-талап жогору экенин аныктаса болот. Бул багытта кандайдыр бир тең салмактуулук болбосо, анда кедейлер байларды тоноого барып, ушундай жол менен өз алдынча социалдык адилеттүүлүктү орнотууга аракет кылышы мүмкүн. “Чоң казатчылардын” чакырыктарына коомчулуктун реакция кылганынан улам бул чыныгы коркунуч экенин түшүнүү керек.

Экинчиден, мамлекет өзүнүн милдеттерин толук кандуу аткарбай, функциясын бейрасмий топторго тарттырып бара жатат. 7-апрелде абал ушундай болгон, ошол маалда ар бир саясатчы өзүнүн кичинекей отрядын чыгарып, өлкөнү бөлүп кете жаздаган. Ошондон тарта азыркыга чейин саясатчылардын “спортчулар” командасы бар болгону артыкчылык катары саналып келет. Учурда “Чоң казат” сыяктуу долбоордун бар экени коомчулук бийликтин коррупция менен күрөшүп жатканына ишенбестигинен кабар берет.

Үчүнчүдөн, бийлик “Чоң казатчылар” сыяктуу кыймылдарды колдоп жаткандай да туюлат. Себеби алар ачык эле мыйзамдарга каршы келген чакырыктарды жасап жатканына карабай, укук коргоо органдары шашпай иш алпарууда. Кыймылдын мүчөлөрүнө эч ким расмий жооп берген жок, эч ким аларды башка блогерлердей кылып УКМКга чакырган жок. Бирок Кубанычбек Жумалиевдин бизнес-империясын текшерүү боюнча тез эле чечим чыкты. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бул иш менен алек болуп, сотко чейинки өндүрүшкө алды.

Бул жерде бийлик “Чоң казаттын” ыкмасын колдоп жаткандай түр калтырды. Бирок чындыгында текшерүү Жумалиев азыркы бийлик үчүн өз кишиси болбогондуктан башталды, деги эле “Чоң казаттын” тизмесиндегилердин арасында бийлик менен достук мамиледе болгон олигархтар жокко эсе. Эртең “Чоң казатчылар” менен сүйлөшүү болбосо тез эле байып кеткен “өздөрүнүн” мамлекеттик кызматкерлери бутага илинбейт деген кепилдик жок.  Бирок бул дагы кооптуу. Себеби прецедент түзүлгөн жерде рецидивден качып кутулуу мүмкүн эмес. Демек, “Чоң казатчыларды” туурагандар да чыкпай койбойт деген кепилдик жок, себеби эч ким тыюу салбай эле да.

Дагы бир тенденция тууралуу. “Чоң казаттын” артында интеллигенттүү, акылдуу, билимдүү адамдар турат. Ошондуктан мыйзамга каршы чакырыктар эки эсе коркунучтуу десек болот. Себеби эмне кылып жатканын билип турушат.

Эскертүү! Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Автору
Алмаз Баратов
Булак
elgezit.kg
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close