АналитикаВидео
Маанилүү

«Чоң Казат» партиясынын талапкери «Биримдиктин» ураанын кескин сынга алды

Парламентке аттанган талапкерлердин дебаты уланууда. 18-сентябрда КТРКдагы телетаймашта «Ата Мекен», «Биримдик», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» жана «Чоң казат» партияларынын жаш талапкерлери элдин элегинен өтүштү.

Телетаймаштарда талапкерлер бири-бирине суроо узаткан бөлүгүнө гана токтололу. Дебатта бийликтин партиясы саналган «Биримдиктин» өкүлү Акылбек Жамангуловго башка атаандаштары тарабынан эң көп суроо берилди.

«Чоң казат» партиясынын талапкери Бекжан Рысмендеев «Биримдиктин» ураанын кескин сынга алды.

«Евразиялык жол — бул Орусияга жагалдануу. Бирок, алар бул нерсеге көңүл бурбайт жана ишенбейт. Президенттин партиясы мандат үчүн ушуга деле макулбуз деп жатат. Эмки шайлоодо федерализация же губерния деп чыгабы?», — деди Рысмендеев.

«Биримдиктин» талапкери Жамангулов Кыргызстан СССРдин тушунда гүлдөп турганын белгилеп, азыр да Евразия мамлекеттери менен тыгыз кызматташтыкта өнүгө ала турганын айтты. Ал партиянын урааны ошого байланыштуу экенин түшүндүрдү.

«Демократиялык социализмди калыптандырабыз деген максатты көздөдүк. Экинчиси — евразиялык тандоо. Биздин өлкө илгертеден евразиялык мамлекеттер менен алакада болуп келген. Азыр да экономикада гана эмес, тышкы саясат, маданият жалпы карым-катнаштар кошуна мамлекеттер менен болот», — деди Жамангулов.

Эсиңиздерде болсо, «Биримдик» партиясынын логотиби да социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан талкууга алынган. Андан Орусиянын желегиндеги үч түрүү түс «Биримдик» партиясынын логотибинде колдонулганы көрсөтүлгөн.

Все не так плохо. Мы с русскими, а с ними Бог. Мы с Богом.

Опубликовано Меместан Пятница, 4 сентября 2020 г.

Буга чейин да «Биримдик» партиясынын birimdik.org сайтында Орусиянын мыйзамдарына шилтеме берилген. Кыргызстандыктар партия тууралуу бөлүмдөн жана ага кантип кошулууга болот деген кичи бөлүмдөн Орусиянын мыйзамдарына шилтеме берилгенин байкап калышкан.

«Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар, сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык партиянын мүчөсү боло алышпайт», — деп жазылат сайтта. Бул боюнча «Биримдик» партиясынын өкүлү муну техникалык ката деп түшүндүргөн:

Булак
"Азаттык""Меместан""Kloop"
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт