Коом

Чек арадагы жаңжалдан жаракат алган кыргызстандык каза болду

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалда жаракат алган Кадамжай районунда Чечме айылынын жашоочусу Айтбай Акынов бүгүн каза болду. Бул туурасында 24.кд агенттиги маркумдун туугандарына таянып жазды.

Айтбай Акынов 31 -май күнү өзбек эли менен болгон кагылышуудан улам Айдаркендеги ооруканага түшкөн.

Ал күнү айылдагылар булакта ишембилик өткөрүп жатканда Айтбай Акынов тамак-аш жеткирип турган. Дал ошол учурда чыр чыккан. Ал окуя болгон жерден дароо унаасын айдап чыгып кете алган эмес.

Ооруканадан инсульт алганын тастыкташты. 10 күн ооруканада комада жаткан, эсине келбей бүгүн каза болду»,- дел билдирет туугандары.

Маркум 49 жашта болгон, артында үч баласы калды.

Ал эми саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, маркум 9-июнда түндө инсульттан коз жумган. Буга чейиин ал 2014-жылы да инсульт алган. Ал эми чек ара чырында жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 4 киши жалпы палатага которулду, абалы туруктуу дел кошумчалады.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылы менен Кыргызстандын Чечме айылындагы чатак 31-майда булактын суусун талашуудан улам чыккан. Чек ара тилкесине жакын турган суунун көзүн кыргыз тарап тазалап жаткан учурда өзбекстандык тажиктер каршылык билдирип, тараптар таш ыргытыша кетишкен. Соңунда Кыргызстандын 25 жараны жабыркаганы айтылса, Өзбекстандын 16 жараны жаракат алганын кабарлаган.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close