КоомОкуялар

Чек арадагы чырда орок сайылып, таш тийип, инсульт болуп жабыркагандар бар

31-майда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы таш ыргытылган чыр боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 4-июнда парламенттин депутаттарына маалымат берип жатат.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов чек арада 1-июнда жолуккан.

К.Бороновдун жабыркаган жарандар тууралуу маалыматы (баяндамасы өзгөртүүсүз жарыяланат):

— Эки тараптан тең адамдар жабыркаган. Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик кызматынын кызматкери жабыркады. Өзбекстан Республикасынын 2 жаранынын үйү, Кыргыз Республикасынын 1 жаранынын сарайы өрттөнгөн. Кыргыз Республикасынын 25 жараны жабыркаган. Анын ичинен 2 жарандын абалы оор.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын отряды жана Айдаркен чек ара отрядынын ыкчам тобу күчөтүлгөн режимге өткөрүлөт. Мындан тышкары окуя болгон жерге Баткен ОИИБдин жана ички аскерлердин 200 кызматкери тартылган.

Ушул эле күнү кечки саат 20:30дан 21:10го чейин эки тараптан мамлекеттик бийлик жана укук коргоо органдарынын катышуусунда жолугушуу уюштурулат. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап инцидентти токтотуу боюнча биргелешкен ыкчам чара көрүп, коомдук тартипти калыбына келтирүү жөнүндө чечимге келишет.

Саат 23:00дө чыр-чатак токтоп, кырдаал турукташат.

Кыргыз делегациясы Айдаркен ооруканасына жаткырылган 5 кыргыз жараны менен жолукту. Мурда айтылган 25 жарандын ичинен бешөө Айдаркендеги ооруканада. Оор абалда деген 2 жарандын биринин башына таш тийип, гематома болгон. Ошол жерде дарылап жатышат. Абалы жакшы. Биз өзүбүз барып көрдүк, сүйлөйт, тамак ичет.

Экинчисин орок менен белине сайган экен. Ага да операция жасалып, кыймыл-аракети жайында.

Үчүнчү жараныбыз — ошол жерде жүргөн аксакал. Эл арасында жүрүп инсульт алыптыр. Абалы оорураак, Айдаркен ооруканасында дарыланып жатат. Которуу, жардам берүү боюнча баарына көрсөтмө берилди.

Калган жарандарыбыз кайрылып, дарыланып алышып, кайра үйлөрүнө кетишкен.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close