БийликЖогорку КеңешӨкмөт

Чек ара маселесин көтөрүп келген айылдык кеңештин депутаты кармалды

Баткендин Лейлек районуна караштуу Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кармалды. Бул тууралуу “Чек ара” коомдук уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдык кеңешинин төрагасы кечээ кечинде милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Эл-журт уккула! Президент мырза көз салыңыз. Баткен, Лейлек чек арасы үчүн күйүп-бышып чуркап жүргөн патриот Сапарали Бөрүбаевди жалган жалаа менен камап коюшту. Баарыбыз үн кошуп, патриот жигитти колдоп, коргоп алалы!», – дейт уюмдан.

Эске салсак, Сапарали Бөрүбаевдин аталган айылдын депутаты Нурдин Дүйшөбаевди сабап салганы айтылып жаткан.

Толугу менен
Back to top button