Аналитика
Маанилүү

Чечилбеген чек ара: Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатактардын чыныгы себеби

Кечээ, 8-май күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймакта жергиликтүү жашоочулардын ортосунда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек аймагына тиешелүү 50 сотых жерди талашуу менен чыр чыкты. Кыргыз тарап ок атуудан үч аскер жараат алып ооруканага түшкөнүн, дагы үч жергиликтүү жашоочу башына таш тийип жарадар болгонун билдирди. Тажикстан ортодо атылган октон эки жараны оор жараат алганын билдирди.

Чек ара кызматы тараткан расмий маалыматта «эки тараптан 30-40 киши чогулуп, бири-бирине таш ыргытып, аңчылык куралдан ок атылганы» айтылды. Кырдаалдын курчуп кетишин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бир нече убакыт кырдаал тынчый түшүп, чек арадагы конуштарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп баштаган. Бирок күтүүсүз жерден Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачылары көздөй минометтон ок чыгарган. Азыркы маалда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал оор деп айтылды расмий таратылган маалыматта.

Алсак, 2019-жылы мамлекеттик чек ара тилкесинде ар кандай мүнөздөгү 16 чыр-чатак катталган. Бир нече ирет ок атышуу менен коштолгон чек ара чатагы катталып, каза тапкандар, жаракат алгандар болду. Тараптар ар бир жаңжал сайын жолугушууларды өткөрүп, чек ара чатагын алдын алуу убадаларын бергени менен, чыр-чатак токтогон жок.

2019-жылы мамлекеттик чек ара тилкесинде ар кандай мүнөздөгү 16 чыр-чатак катталып, алардын басымдуу бөлүгү кыргыз-тажик чек арасында болду. Анын кесепетинен аскер кызматкерлери, ошондой эле катардагы жарандар дагы жабыркады.

ЧЕК АРАДАГА ЧАТАКТАРДЫН ЧЫНЫГЫ СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

Чыңалуу жараткан чатактардын баары Баткен аймагындагы чек ара тилкесинде катталууда. Кыргызстан эл аралык нормаларды бузуп жатат деп, Тажикстанга нааразылык нотасын жолдосо, тажик тарап «чагым кылды» деп, кыргыз тарапты айыптап, нотага жооп кылган учурлар көп жолу кайталанды. Жергиликтүү тургандар дагы, оппозиция, белгилүү саясатчылар чек арадагы жаңжал үчүн ар качан бийликти айыптайт.

Өзбекстанды Каримов бийлеп турган жылдары көп жолу ички чатактарын жайгаруу үчүн чек арада чыр чыгарып, элди алаксытымыш болуп, ички маселесин чечкенди адат кылып алганын айтышат айрым талдоочулар. Ошол эле Тажикстандагы азыркы учурдагы  абалды, саясий-экономикалык туруксуздукту эске алганда чек арадан чыккан бул чыр атайын чыгарылганын Тажикстандын белгилүү оппозиционери Шарофиддин Гадоев өзүнүн расмий баракчасына жазып чыкты.

ЯТИМОВ ЗАПУСТИЛ ПРОЦЕСС ГОСПЕРЕВОРОТА?После назначения Рустама Эмомали председателем парламента Таджикистана, Рахмон,…

Опубликовано Sharofiddin Gadoev Пятница, 8 мая 2020 г.

 

ТАЖИКСТАНДА ЭМНЕ БОЛУП ЖАТАТ?

Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмон өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө кошо тууган уруктарын да бийликтин жогорку кызматтарына алып келди. Тажикстанда толугу менен Рахмондордун кландык башкаруусу орноду.

Рахмондун Фируза, Озода, Рухшона, Тахмина, Парвина, Заррина, Фарзона аттуу кыздары жана Рустам менен Сомон аттуу эки уулу бар.

  • Улуу кызы Фируза тажик темир жолунун төрагасы Амонулло Хукумовго турмушка чыккан.
  • Уулу Рустам Инвестициялар боюнча мамлекеттик комитетинин кичи жана орто ишкердикти колдоо башкармалыгынын төрагасы болгон, кийин контрабанда менен күрөшүү башкармалыгына төрага болуп дайындалган, андан соң Тажикстандын футбол федерациясынын президенти болгон. Рустам Эмомали 2009-жылы үйлөнгөн.
  • Экинчи кызы Озода 2009-жылы Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалганына чейин, ТИМдин консулдук башкармалыгын жетектеген. Тажикстандын каржы министринин орун басары Жамолиддин Нуралиевге турмушка чыккан. 2016-жылдын 27-январында  Озоданы президенттик администрациясынын башчысы кылып дайындаган.
  • Бешинчи кызы — Парвина мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шерали Гуловдун уулу Ашраф Гуловго турмушка чыккан.
  • Алтынчы кызы — Заррина 2013-жылы республиканын өкмөтүнө караштуу байланыш кызматынын төрагасы Бег Зухуровдун уулу, республикалык жана эл аралык мелдештердин бокс боюнча чемпиону Сиёвуш Зухуровго турмушка чыккан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн мураскери катары даярдап келаткан 33 жаштагы уулу Рустам Эмомолини Тажик парламентинин төрагалыгына жеткиргенден кийин, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын учурдагы төрагасы, оппозициячыл көр-карашты карманган Саймумин Ятимовго карата ачык саясий чабуул башталган эле. Рустам Эмомоли менен Саймумин Ятимовдун ортосундагы тиреш буга чейин тымызын уланып келген. Бул тирешүүнүн башаты Тажикистандын Бажы кызматынын төрагасы Абдуфаттох Гоибдин уулун ИИМ министрлигине өзүнүн Шохрух аттуу уулун алып келгенден кийин башталган.

Акыркы жылдары Рахмондун Ятимовду кызматтан алууга болгон аракетинен майнап чыкпай, анын жакынына жалаң өзү көрсөткөн талапкерлерди жайгаштыруу аракетин көрүп келди. Мына-мына көптөн күткөн планын ишке ашыруу аракетин көрө баштаганда Тажикстанды да олку-солку абалга келтирген коронавирус Ятимов ички интригалардан кутулуп, жоготууга аз калган өзүнүн ордун сактап калышына өбөлгө түзүп берди.

Пандемия менен күрөшүп жаткан Тажикстанда каатчылык, өлкөдөгү туруксуздук, калктын нааразычылыгы күч алып жаткан чакта Ятимов үчүн төңкөрүш жасап жиберүү ыңгайлуу болуп турган. Ошентип коомчулукта көптөн бери көрүнбөй турган Ятимов Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрагасы Саидджафара Усмонзоданын 2 май күнү «Азия-плюс» басылмасына интервью берип жатып, Тажикстанда өзгөчө кырдаал жарыялап, мамлекет катуу көзөмөлгө алынышы керек деп айтканынан кийин башкы темага айланды. Ал айтып жаткан адам Рахмондун ордуна татыктуу, темирдей тартип орното ала турган жалгыз киши Ятимов эле.

Эки күндөн кийин “Эмомали Рахмон коронавирус жуктуруп алып, 3-май күнү Phoenix Air компаниясынын Gulfstream G-III учагы аркылуу Душанбеден Германиянын Рамштайн шаарына атайын каттам менен учуп кетти” деген маалымат желдей тарайт. Бул тууралуу тажик оппозиция өкүлү Шарофиддин Гадоев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Ятимов жетектеген атайын кызматтардын берген маалыматына таянып жазып чыккан.

Ушул жылдын 23-апрелинде Рахмондун кайрылуусунда анын ден-соолугу начар экенин байкоого болот. Анан да анын шашылыш учуп кетиши, анын жана айланасындагылдардын коронавирус жуктуруп алып дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти дегенине ишеничтүү негиз болуп берди. Ошентип, ажонун ден-соолугунун начарлап кеткенин, анын ордуна учурдагы абалды жөнгө салып кете ала турган тажрыйбалуу башкаруучу келиши керек, ал Ятимов экендиги айтыла баштады.

Рахмондун 9-майга карата кайрылуусундагы видеотасмада ден-соолугу начар экени, өлкөдөгү кырдаалга карата конкреттүү сунуш айта албаганы, ал азыркы кризистен чыгуу үчүн конкреттүү сунуш бере албаганы тажик оппозициясынын катуу сынына кабылды.

Саймумин Ятимов жана тажик оппозициясы Рахмондун 6-7 ай гана бийликти күч менен кармап тура ала турганына көзү жетип, революция сөзсүз ишке аша турганына бөркүндөй ишенип калган. Анын акыркы аракеттери бул айтылгандарды тастыктап турат.

ТАЛАШТУУ ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ ЭМНЕГЕ ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТАТ?

Чек арадагы талаштуу абалды жөнгө салып, маселелердин чечилишине кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чырлуу аймактан жолугуп, чек араны тактоону тездетүү, маселени чечиш үчүн укуктук документти тактоо боюнча тапшырмаларды да беришкен. Бирок андан кийин эки тараптуу чек араны тактоо боюнча жумушчу топтун иши жанданганы менен, азырынча алдыга жылганы билине элек.

Анткени, Тажик тарапка чек ара чырынын токтошу эмес, айрым ички чатактарды жөнгө салуу үчүн азырынча бул маселе чечилбей турганы оң болууда. Бул боюнча, президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү иштери оор болуп жатканын ачык айткан жайы бар.

2000-жылдан бери комиссия иштеп жатат. Бирок 20 жылдан бери эч кандай тыянак жок. Андыктан жер алмашууга, такташууга биз көнсөк да тажик тарап оор талаптарды коюп, ар кандай шарттарды сунуштап, макулдашууга оңою менен көнбөй тургандай түрү бар…

ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨГҮ ЖООПКЕРЧИЛИК…

Борбордук Азиядагы геосаясий процесстер заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен шартталууда. Тажистанда уланып жаткан саясий туруксуздук Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын коопсуздугуна жана туруктуулугуна таасирин түздөн-түз тийгизиши мүмкүн. Ал биринчи кезекте эл аралык терроризм, контрабанда, диний экстремизм жана нарко бизнестин жайылышы. Ошон үчүн бул маселе толугу менен такталып бүтмөйүнчө элдин, мамлекеттин коопсуздугуна дагы чоң коркунуч жаратат. Чек арада чыр-чатак чыга берсе бул жакшылыкка алып барбайт. Чек ара такталмайынча элдин коопсуздук маселеси чечилбейт.

Чек ара маселесин чечүүдө бир гана бийликтегилерге эле эмес, атуул катары баарыбызга жоопкерчилик жүктөлгөн.

Бийлик өкүлдөрү: Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө түзүлгөн комиссияга эл ишениминдеги абройлуу, тажрыйбалуу өз кызыкчылыгынан өлкө кызыкчылыгын өйдө койгон, чек аранын маанилүүлүгүн түшүнгөн, маселени чечүүгө чын ниетинен умтулган, чынчыл жана компетенттүү кызматкерлерди дайындашы керек. Коңшу өлкөнүн чалгындоо кызматынын чыгара турган чагымдарына, ошондой эле коомчулук тарабынан айтылган сындарга карабай, паникага түшпөй тең ата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

Коомдук жана саясий ишмерлер мындай учурларда жеке кызыкчылыктан, өлкө кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы тышкы саясат пассивдүү, жабык жана реактивдүү болуп, ошол себептүү улуттук кызыкчылыктарды  өркүндөтүү алсыз болуп келет. Ошондуктан ички саясатта түрдүү көз караштар болсо да, тышкы саясатта бардык кызыкчылыктарды жыйышытырып туруу керек.

Коомчулук бир тилек менен түшүнүп-түшүнбөй ач кыйкырык, куру сын айтуудан алыс болуп, өзү шайлаган өкүлдөргө ишеним көргөзүп турушу керек. Коомдук тармактардан саясаттагы көйгөйлөрдү сүйлөшүүлөр башталган учурда алып чыкпай ар тараптуу, терең анализдөө менен бул же тигил чечимдердин тууралыгы боюнча өз оюн айтпай турушу зарыл. Өлкө тагдыры чечилип жаткан учурда бийликке ишеним көрсөтүү эң туура чечим болот.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө өзгөчө чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Учурда Кыргызстанда гезит-журнал, теле-радио деп миңден ашуун массалык маалымат каражаты катталган, алардан башка жүздөгөн веб-сайттар бар. Сөз эркиндигинин доорунда, массалык маалымат каражаттары бирден-бир коомдук пикир түзүүчү институтка айланганы талашсыз.  Расмий эмес түрдө «төртүнчү бийлик» деп аталган журналисттердин эмгегинин аркасында эл болуп жаткан окуялар, кабыл алынган чечимдер жөнүндө кабардар болушат. Мындай тагдыр чечүүчү учурларда жарандар маалыматсыз жашай албайт. Андыктан, маалыматты так, калыс жеткирүү журналисттин аракетине жараша болот. Ошондуктан маалымат таратууда калыстык менен адилеттүүлүктү ар дайым биринчи орунда турушу абзел.

Автору
Адилет Сыдыков, журналист
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close