КоомСпорт

Чечен президенти Рамзан Кадыров, мушкер Емельяненко менен рингге чыкты

Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров белгилүү мушкер Александр Емельяненко менен рингге чыкты.

Маалым болгондой, буга чейин Рамзан Кадыров Емельяненкону беттешке чакырган. Өз кезегинде мушкер макулдук берип, Кадыровго беттеш өтчү жерди жана убакытты тандоо укугун берген. Алардын беттеши бокс эрежелери менен өтөрү айтылган.

Мушкер өзүнүн, Инстаграм баракчасына “Рамзан сөзүнө турду! Мээлей кийди, рингге чыкты”  – деп жазып, сүрөттөрдү жүктөдү. Бирок, аталган беттеш жөн гана машыгуу экени маалымдалды. Чечен президенти менен мушкердин ортосунда чыныгы беттеш орун алары же албасы азырынча белгисиз.

Емельяненко Кадыровдун колдоосундагы “Ахмат” мушкерлер уюмунун клубунда машыгуу өткөрүп, беттештерге чыгып жүрөт. 3-апрелде анын кезектеги беттешеи орун алат.

Толугу менен
Back to top button