ВидеоМыйзам жана укук
Маанилүү

«Чара көрөбүз!». Спортчулар тынчтык жүрүшкө чыккан активисттерге эскертүү берди

Акыркы бир нече күндөн бери социалдык тармактарда жана мессенджерлерде видеотасма тарай баштады.

Aнда спорт залдын фонунда белгисиз жаштар ЛГБТ коомчулугун жана гендердик теңчиликти колдогондорго каршы «чара көрөбүз» деп кайрылышкан. Азырынча видео кайда жана качан тартылганы белгисиз. Кыязы, бул 8-мартта өткөрүлгөн тынчтык жүрүшүнө кандайдыр бир реакция, анын катышуучулары аялдардын укугун коргоп чыккандарга карата болушу мүмкүн.

«Биз, жети аймактын жаштары, көчөгө чыгып, элдин тынчын алган жокпуз, бирок видео кайрылуу жаздырууну чечтик» деп айтылат видеодо.

 «Акыркы кездерде көп адамдар ЛГБТ коомчулугун колдоп жатышат. Биз унчуккан жокпуз, алар жапайычылык менен алектенип жатышат. Алар ар жекшемби сайын митингдерге чыгып жаткандыгы бул бизге инвесторлордун келүүсүнө таасир этет. Аянтта чачтарын кыркып жатышат. Бирок кыргыз кыздары буга чейин мындай кылышкан эмес. Өкмөт, сураныч аларга чара көрүңүздөр. Эгер чара көрбөсңөр, анда биз чара көрүш  керек болуп калды.»

Эске салсак, Бишкек жана Ош шаарларында «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы ураандар чакырылган. Быйылкы жүрүштө активисттер “Окуган кыз ордун табат!”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет!”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт!”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо!”, “Кызыл камчы сынсын!”, «Тынч митингдерге эркиндик!» деген сыяктуу жазуулары бар баракчаларды көтөрүп чыгышкан.

 

 

Укук коргоо органдары бул басылмалар боюнча азырынча комментарий бере элек.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт