БийликӨкмөтПартияларПрезидент

Cадыр Жапаров: Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт.

Президенттик жана парламенттик шайлоо март айына чейин өткөрүлөт. Азыркы парламент июнга чейин отурбайт. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

«Эч кам санабаңыздар. Иштердин бардыгы элдин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат. Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашат. Бут тосуулар болбосо (катуу бут тосуулар болуп жатат), баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин отурбайт. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле! Баары жакшы болот», – деп жазган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button