Аналитика

Быйылкы шайлоодогу талаштын талуу жери

Парламенттик шайлоого катышууга камынып турган айрым саясий күчтөр шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун кароо кечеңдеп жатканына кабатыр.

Алар муну алдыдагы шайлоодо тогуз пайыздык чекти сактап калууга ынтызар бийликтеги топтордун тымызын аракети катары кабыл алышууда. Айрым партия лидерлери жогорку шайлоо босогосун сактоо олигархиялык-кландык кызыкчылыкка багытталганын айтышса, кээ бир саясатчылар муну партияларды ирилештирип, келечектеги көпчүлүк коалиция менен өкмөттүн туруктуулугун камсыздай турган чара катары сыпатташты.

Демилгечилерди түйшөлткөн маселе

Жогорку Кеңештеги депутаттар тобу 2019-жылдын аягында парламент депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип, андагы шайлоо босогосун беш пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкканы белгилүү болгон. Долбоор парламент спикери Дастан Жумабековго таанышууга жиберилгени айтылган эле. Демилгечи топтун башчысы, депутат Мирлан Жээнчороев мыйзам долбоору бир катар алымча-кошумчалар менен юридикалык экспертизадан өткөрүлүп, парламент спикери аны тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтө турганын билдирген.

Аталган мыйзам долбоору өткөн жылы декабрь айынын башында эле Жогорку Кеңештин аппаратына келип түшүп, бирок ал андан ары комитеттин жана палатанын талкуусуна коюлбай, кечеңдеп жатканы демилгечи топту санаага салып жатканы белгилүү болду.

Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын лидерлеринин бири, депутат Жанарбек Акаев шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун кароо белгисиз себептерден улам кечеңдеп жатканын белгиледи:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

– Депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев жана мен болуп, шайлоо босогосун беш пайызга чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун жазып, аны парламенттин тиешелүү комитетине кароого жибергенбиз. Бирок аны кароого коюуну парламенттин аппараты эмнегедир кечеңдетип жатат. Бирок биз азыр буга байланыштуу коомдук маанайды сезип турабыз. Эгерде шайлоо босогосун беш же жети пайызга ылдыйлатпасак, анда бул жагдай алдыдагы парламенттик шайлоодо коомдук-саясий абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Эгерде тогуз пайыз боюнча калса, анда азыркыдай эле бийликтеги чоң байлыкка ээ болуп, жалаң олигархтардан турган 2-3 саясий партия гана парламентке кайра келип, жаңы партиялардын, оппозициялык күчтөрдүн сыртта калуу коркунучу бар. Бул коомчулукта абдан чоң нааразылык жаратат. Тогуз пайыз боюнча кала турган болсо, азыркы парламенттен да деңгээли төмөн парламент келиши күтүлөт. Жалаң чириген байлар шайлоого аттанып, айылдарды, шаарларды жана райондор менен облустарды акционердик коомдордун акцияларын сатып алгандай, дүңүнөн акчага сатып алып, карапайым калктын кызыкчылыгын коргой турган жаңы партиялардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү азаят.

Парламенттеги ишенимдүү булактар Жогорку Кеңештеги фракция башчылары жана тиешелүү комитет төрагалары январь айында шайлоо босогосун беш пайызга чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, колдонуудагы мыйзамдагы тогуз пайыздык босогону жети пайызга түшүрүү боюнча мунасага келгенин бышыктады. Бирок кийин ал сунушту андан ары жылдыруу чукулунан эле токтоп калганы белгилүү болду. Бул мыйзам долбооруна алымча-кошумчалар сунушталып, коомдук талкуудан кийин келип түшкөн сунуштар парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде жакынкы күндөрү талкууга коюлмак.

Бирок парламенттеги тогуз пайыздык босогону калтырууну жактаган саясатчылар аны партияларды ирилештирүүгө өбөлгө түзүп, башкаруучу коалициянын жана болочок өкмөттүн туруктуулугун камсыздай турган ченем катары жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңештин аталган комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Таабалды Тиллаев 2017-жылы шайлоо босогосун тогуз пайызга көтөрүүгө добуш берген депутаттар эми ага кайра каршы чыкканы туура эмес болорун айтып, аны ылдыйлатуу боюнча жаңы мыйзам долбооруна бир катар тактоолор талап кылынарын кошумчалады:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

– Биздин комитет айрым жагдайларды тактоо иретинде аталган мыйзам долбоорун кайрадан кайтарып берген. Бирок тогуз пайыздык шайлоо босогосун айта турган болсок, кезинде депутаттардын көпчүлүгү аны унчукпастан колдоп берген. 2017-жылы ал чекти бекиткен ченем негиздүү эле кабыл алынган. Эми шайлоо босогосун кайрадан ылдыйлатуу демилгесин көтөрүү депутаттар үчүн негизи саясий-моралдык жана принципиалдык жактан туура эмес. Биз ошондо саясий күчтөр биригип, партиялар ирилешип, парламентке «күчтүү саясий партиялар гана келишин камсыз кылабыз» деген ниетте ошол ченемди бекиткен болчубуз. Эми кыргыз мамлекетининин өнүгүшү үчүн шайлоодо майдаланып, бөлүнүп-чачылбай, күчтүү жана ири партиялар көп мандат алып, парламентке келип, туруктуу башкаруучу коалиция, туруктуу парламенттик оппозиция түзүлсө, ошондо натыйжалуу иштей турган өкмөт бийликке келмек.

Анткен менен мыйзам боюнча, 2020-жылы күзүндө өтөрү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого камынып жаткан бир катар оппозициялык маанайдагы саясий күчтөрдүн өкүлдөрү шайлоо босогосун ылдыйлатуу боюнча демилгени четке кагууну «саясий талааны тазалоого» багытталган айла-амал катары кабыл алышууда.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 9% шайлоо босогосун калтырууну көздөгөн саясий топтор шайлоонун легитимдүүлүгүн камсыз кылууда чоң тобокелчиликке барып жатат деп эсептейт.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

– Шайлоо босогосун төмөндөтүүнү кечеңдетип жатышканы «биз каалаган партиялар гана чектен өтүп, калгандарын парламентке келтирбейбиз» деген туура эмес ойлордон улам болуп жатканын биз деле сезип турабыз. 2015-жылы парламенттик шайлоодо жети пайыздык шайлоо босогосун киргизип, анын кесепетинен өлкөнүн калкынын 61% добушу эске алынбай калган. Ал эми парламентке келген азыркы алты пайыз үчүн шайлоочулардын болгону 39-38% гана добуш берген. Эмдиги шайлоодо босогону тогуз пайыздык чекке көтөрүшө турган болсо, анда калктын, шайлоочулардын андан дагы көп пайызынын тандоосу эске алынбай кала берет. Азыр айрымдар бизди «тогуз пайыздык тосмодон өтө албай калабыз» деп коркуп жатышат дешсе, чоң жаңылышат. Мага демектен, 90% тосмо коюп алышсын. Бирок шайлоонун легитимдүүлүгүн ырасташ үчүн шайлоо босогосун ылдыйлатуунун зарылдыгы эске алынбай калса, анда шайлоодо чоң тополоңдун чыгышына ушул жагдай негизги себеп болот, – деди ал.

Орток пикир – жети пайыз

Ошол эле кезде «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев алдыдагы парламенттик шайлоого саясий күчтөр бардыгын ынандырган «оюн эрежесин» аныктап алышы абзел экенин белгиледи. Анын айтымында, шайлоо босогосу боюнча маселеде орток пикирге келүүгө болот.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

– Былтыр май айында биз демилгечи болуп, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап, комитеттин кароосуна сунуш кылган элек, – деди ал. – Бирок парламенттин тиешелүү комитетинде аны талкууга алып, кароо учурунда биздин сунуштар көпчүлүк добуш менен өтпөй калган. Азыр эми бул маселени чынын айтканда, парламенттеги башкаруучу көпчүлүк чечет. Шайлоо босогосу боюнча үч, беш же жети пайыз кылып коюу же болбосо тогуз пайыз өлчөмүндө калтыруу сыяктуу сунуштар айтылып жатат. Бирок ошолордун бардыгын салмактап көрүп, тогуз пайыз менен беш пайыздын ортосун карманып, шайлоо босогосун мурдагыдай эле жети пайыз өлчөмдө калтыруу максатка ылайыктуу болмок. Бул боюнча тараптар орток пикир таба алышат деген оюм бар.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 59% же 1 630 122 адам добуш берүүгө катышкан. Бул эсеп менен алып караганда, шайлоо босогосу үч пайыз болсо, анда партия 52 миң добуш алышы керек. Беш пайыз болсо 85 миң, жети пайыз болсо 120 миң жана тогуз босого болсо 154 миңден кем эмес добуш топтошу зарыл.

Былтыр парламентте шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча эки башка мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок алардын бири да колдоо тапкан эмес.

Эскертүү!

Автору
Кубанычбек Жолдошев
Булак
"Азаттык"
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button