ВидеоДүйнө

БУУ Грециянын мусулман качкындарды чөктүрүүгө аракет кылганын айыптады

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Грецияга чек арадан мыйзамсыз өткүсү келген көчмөндөргө каршы «ашкере жана ченемсиз» күч колдондоо чакырыгын салды.

БУУнун кадар боюнча жогорку комиссарлыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында, «БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы, Түркия жана Грециядагы абалдарды кылдат байкап жатат жана колдоо көрсөтүүнү сунуштайт. Бул болуп жаткан абалдардын бардыгына болгону сыяктуу жооптуу кызматкерлердин коргоосуз адамдардын кайгыларын күчөтө турган ар түрдүү чара көрүүлөрдөн алыс турууларын сунуштайбыз»,делди.

Билдирүүдө Түркия-Греция чек арасында чыңалуунун басаңдатылышы жана тынчтык чакырыгы салынды.

Бүткүл мамлекеттердин чек араларын көзөмөлдөө жана тартипсиз кыймалдарды башкаруу укугу бар экенине токтолгон билдирүүдө, «Ошол эле убакта ашкере жана ченемсиз күч коллонуудан алыс турулушу жана баш калкалоо талаптарын тартиптүү түрдө башкарыш үчүн системанын иштетилиши керек»,деген сереп салынды.

Чек арадан өткүсү келген мыйзамсыз көчмөндөрдүн сириялык, оогандык, ирандык, судандык жана башка качкындардан турганын маалымдаган билдирүүдө, чек арага тобекелдикке салып киргендердин арасында аялдар, балдар жана үй-бүлөлөр дагы бар экенин эске салды.

Билдирүүдө, Греция сыяктуу чек аралары ЕБне ачылган өлкөлөрдүн жалгыз калтырылбашы керектигин жана бул өлкөлөргө ЕБнин колдоосунун улантылышүы керектиги баса белгиленди.

«Учурда миллиондогон качкындарга кожоюндук кылган Түркия жана Сирияга коңшу берки өлкөлөргө эл аралык колдоо көрсөтүлүшү керек жана даярдалышы керек»,делген билдирүүдө, Идлибде жерлеринен ажыраган 1 миллион жаран үчүн шашылыш жардам жеткирилиши керектиги баса белгиленди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button