Коом
Маанилүү

«Булар өнүгүүнү каалабайт экен»: Самара Каримова директорлук кызматтан баш тартты

Ырчы жана актриса Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлук кызматынан баш тартканын билдирди.

Бул тууралуу ырчы 22-январда социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жазды. Анда директор болуп иштеп, мекемени аз убакта өнүктүрүп-өстүрүү оюна окуу жайдын эмгек жамааты макул болбогондуктан, кызматтан баш тартканын жазган. Жакын арада тиешелүү арызын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бере турганын билдирген.

Саламатсыздарбы, Кыргыз элим, күйөрмандарым, сүйүктүү мекендештерим!
Акыркы күндөрү мага жана менин атыма байланышкан бир канча окуяларга күбө болдуңуздар. Мындан эки жыл мурда мыйзамдуу дайындалган кызматымдан укугум одоно бузулуп бошоп, шагым катуу сынган. Бул менин намысым, ден-соолугум жана жакындарым үчүн өтө катуу муш болгон. Ошол укугумду коргоп, канча убакыт соттошуп дайындалган ишиме кайтып барып, эли-жериме, кыргыз маданиятына ак дилимден кызмат кылгым келген. Кудайга шүгүр, сотто жеңип чыгып, чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай астында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим.
Кызматыма кайрадан киришип, музыкалык окуу жайды аз убакта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок, окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду. Аларды адилеттүү башчы, ак кызмат өтөгөн ишмер болууга убада берип, ынандырууга аракет кылдым. Мурунку директордун 100 сүйлөгөнү, кубулганы 5,6 адамдын басымы менен коллективде
«погода» өзгөртүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Эшикте 21-кылым экени ойлонтуп дагы койбойт. «Болбогонго -болушпа»- дегендей, ушуларга кетире турган кайран күчүм, идеям ,дараметим дедим.
Жашоодо мен көп сыноолорду жон терим менен сезим, аларга тике карап, жеңип келгем. Бул көрүнүштү да Аллахым берген дагы бир сыноо дедим. «Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат» . Жашоо улана берет.
Чалындым, бирок жыгылган жокмун!
Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок, мунумду көпчүлүк түшүнө албады. Мурунку директордун жакындары тааныш журналисттерине тынбай чалып, чакырып, келгиле , Самара дагы келди ,интервью алгыла деп жаткандарын өз көзүм менен көрүп турдум.
Анын үстүнө, Батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап эле калышты. Окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын боё сезимдерин пайдаланышты.Ошол эле журналисттерге канча жетишкендеримди, Кремлде ,Ташкентте дүңгүрөтүп жеке концерт бергенимде, жалынып,суранып да ийгиликтеримди маалымат катары чыгара алган эмесмин. Буларга ызы-чуу гана
Калганын комментарийде…

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 19-январда Биринчи май райондук сотунун Каримовага байланышкан чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын кабарлаган.

21-январь күнү Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын директор болушуна каршы пикетке чыкты.

Ырчынын акыркы аракеттери социалдык тармактарда да кызуу талкуу жаратууда. Алардын арасында аны колдоп жана сындап жаткандар да бар.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт