КоомОкуялар
Маанилүү

Булак талаштан чыккан чек арадагы чыр сүрөттөрдө

31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты.

Бул чечим 31-майдагы Чечме булагына байланыштуу чыккан жаңжалдан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө кабыл алынды.

Сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбай Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, ал эми Өзбекстан тараптан Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев менен Сох районунун акими катышкан.

Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сүйлөшүүдө тараптар аймакта кырдаалды жөнгө салууну чечишкен. Ал үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү чогуу чек арадагы жаңжалды токтотуп, тараптардын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөөнү сүйлөшкөн.

Булак талаштан чыккан чыр

Жаңжал чыккан жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматына караганда, учурда эки тараптан тең таш атышуу токтоду. Бирок чогулган эл тарабай, топтолуп турат. Милиция элди таратууга аракеттенүүдө. Чечмеге облустун башка аймактарынан кошумча милиция тартылып жатканы кабарланды.

Кечке жуук Өзбекстандын Чек ара кызматы «кырдаал көзөмөлдө» деп маалымат тараткан:

«Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында
кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат».

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт