БийликӨкмөтПрезидент

«Бул маселени аягына чыгарабыз»: Жапаров президенттин отставкасы боюнча

Өкмөт башчылыкка жаңы дайындалган Садыр Жапаров журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү.

Президенттин отставкасы боюнча берилген суроого жооп берип жатып, Жээнбеков «мыйзамдуу жолго салынгандан кийин арызын жазып кетерин, экс бойдон каларын айтканын» эске салды.

Өкмөт үйүнүн жанындагы эски аянтка Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан митингге чогулду. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын жана Жапаровдун тез арада премьер-министрликке дайындалышын талап кылды. НТС журналисти бул талап боюнча Жапаровдун пикирин сурады.

«Алар менин эле тарапташтарым эмес, бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот. Анткени бүткүл кыргызстандыктардын талабы бул — президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатат. Анан үчүнчү талабы, Садыр Жапаровду отургузуп келели деген талап менен чыгууда. Мен азыр бул жерден чыгып, президентке барып жолугам, сүйлөшөм. Бул маселени аягына чыгарабыз. Өлкөдө стабилдүүлүк болуш керек, элдин баары тынч жашаш керек. Бул маселени чечебиз»,-деди Садыр Жапаров.

Качан чечилет, саясий кризис уланып кетпейби деген суроого:

«Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Президент мыйзамдуу жолго салып коюп, арызымды жазып берем, экс бойдон калайын деген. Макулдашылгандан бери он күн өттү. Биз элге чыгып муну айтканбыз. Бул бүгүн чечилиш керек. Бул менин талабым эмес, элдин талабы»,-дейт Жапаров.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Кечээ Жогорку Кенештин төрагасы шайланды. Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат. Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм. Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан, бул токтомдор парламентке кайтарылды. Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок. Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы. Ошондуктан, парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенем. Кыргызстан — укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет. Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы»,-деп айтылат кайрылууда.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт