БийликВидео
Маанилүү

БШКнын отурумунан онлайн жыйын

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны бүгүн, 25-августта саат 17:00гө белгиленген. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу партиялардын документтерин кабыл алуучу жумушчу топтун жыйыны аяктады.

Жумушчу топ «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин мыйзам бузуу болгондуктан кайтарып берүүнү сунуштаган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жумушчу топтун сунушу бул жыйында карала турганын айтты. Эгерде «Кыргызстан» партиясы БШКнын кабыл ала турган чечими менен макул болбосо сотко кайрылууга укуктуу.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт