БийликПартияларСаясат

БШК мүчөсү «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды

Буга Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт.

«Сунушум — бул иш БШКнын 15-сентябрдагы саат 16:00дө өтө турган жыйынында каралууга тийиш», — деди ал «Азаттыкка».

Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган.

Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков окуяга мындай түшүндүрмө берди:

«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү».

Төраганын фонду — мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе — шайлоочуну сатып алуу болот.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган.

Толугу менен
Back to top button