Дүйнө
Маанилүү

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон ооруканага жаткырылды

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дене табы түшпөгөндүктөн жекшембинин кечинде ооруканага жаткырылды.

«Өз дарыгеринин кеңеши менен ал адаттагыдай эле анализдерди тапшырыш үчүн кечээ ооруканага барды. Түндү ооруканада өткөрдү. Албетте, баарыбыз ага жакшылык каалап, текшерүүдөн кийин тезирээк Даунинг-стритке кайтып келишине үмүттөнөбүз», — деди Британиянын турак жай министри Роберт Женрик жергиликтүү маалымат каражаттарына.

Ал Жонсон жок учурда жыйындарды тышкы иштер министри Доминик Рааб башкарып турары чечилгенин кошумчалады.

55 жаштагы Борис Жонсон коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Ошондон соң ал Даунинг-стрит дарегиндеги резиденциясында элден оолактап, өлкөсүн үйүнөн башкарып жаткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп басма сөз жыйынынын башында британ кызматташынын тезирээк айыгып кетишин каалап, «бардык америкалыктар ал үчүн дуба кылып жатышканын» айтып өттү.

Британ оппозициясынын жаңы лидери Кир Стармер да премьер-министрдин эртерээк айыгып чыгышына тилектештик билдирди.

Британияда коронавируска байланыштуу чектөө чараларынын үчүнчү аптасы башталды. Падышалык COVID-19 илдетинен эң көп жабыркап жаткан он өлкөнүн катарында. 6-апрелге карата жаңы вирусту жугузгандардын саны 48 миң адамды чамалап, алардын беш миңге жакыны көз жумду.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт