Дүйнө

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон айыгып, дарыгерлерге алкыш айтты

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу, чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Белгилүү болгондой, Борис Жонсон март айынын аяк ченинде коронавируска кабылып, үй карантинине алынган. Аз өтпөй анын абалы оорлоп реанимацияга түшкөн.

Учурда коронавирустун оор түрүн жеңген Борис Жонсон, шаар четиндеги Чекерс резиденциясында калыбына келип жатат.

Маалыматтарга ылайык, Борси Жонсон ага эбегейсиз кам көргөн дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, ооруп жаткандар анын жүрөгүндө экенин айткан.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт