БийликЖогорку Кеңеш

Бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримовго парламенттен мандат алды

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, “АЮ холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алышты.

13-майда “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар жергиликтүү басылмаларга алдыдагы шайлоого даярдануу үчүн ушул кадамга барышканын айткан.

2019-жылы 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI съезди өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка парламент депутаты Канатбек Исаевди шайлашкан. «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар. Фракцияны депутат Алмазбек Батырбеков башкарат.

Башында ишкер Шаршенбек Абдыкеримов турган «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы апрелде негизделген.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Шаршенбек Абдыкеримов Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын башчысы.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт