СаясатЭкология
Маанилүү

«Бизди камап же атып гана токтото алышат»: Жеңиш Молдокматов Жетим-Тоонун иштетилиши боюнча

8-январда вице-премьер-министр Максат Мамытканов менен Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев басма сөз жыйынын өткөрүп, Жетим-Тоо боюнча өкмөттүн позициясын ачыкка чыгарышты.

Жетим-Тоону иштетиш үчүн ачык акционердик коом түзүү боюнча демилге ар кандай талкууга жем таштады. Алардын бир бөлүгүн акцияларга каалаган адамдын же компаниянын ээ болуу мүмкүнчүлүгү кооптондуруп жатат.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов мурдагыдай эле Жетим-Тоонун үлүшү чет өлкөнүн жарандарына сатылып кетет деген ойдо.

«Максат Мамытканов «Жетим-Тоонун акциясына жалпы кыргыз эли ээ боло алат» деп жатат. Карапайым жарандарыбыз эч качан акционер боло албайт. Бул бийлик ачык акционердик коом түзүү менен Жетим-Тоонун үлүшүн, акцияларын Кумтөрдөгүдөй сырттагы инвесторго, анын ичинен Кытайга сатууну көздөп жатат. Ачык калтырган акцияны ким сатып алат? Колунда акчасы жок отурган эл сатып алмак беле? Бүгүн Кытайдын изи табылып жаткан инвесторлор сатып алат. Бийликте тургандар Кытайга болгон карызды шылтоо кылып Жетим-Тоону сатып жибергени турат. Биз Жетим-Тоонун иштетилишине акырына чейин каршы турабыз. Бизди камап же атып гана токтото алышат. Мен азыркы учурда бийликте тургандарды Нарынга чакырам. Ушул сөздөрүн элдин алдында айтып көрсүн», — деди ал.

Жетим-Тоону иштетүүнү алгачкылардан болуп, азыр өкмөт башчылыктан убактылуу кетип, президенттикке талапкер болуп жаткан Садыр Жапаров айтып чыккан. Ал кенди Кыргызстан толугу менен өзү иштете турганын билдирген болчу.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт