Аналитика

Биз кимдин колониясына айландык?

Африка менен биздин абалыбыз окшош эле экен...

Африканын 20 өлкөсү учурда да Франциянын басымы астында жашашат. Алардын өз туусу, герби, гимни жана чек аралары бар болгону менен, Франция өз колониалдык саясатыны “шарттуу эгемендүүлүк” түшүнүгүн киргизүү менен бирге ишке ашырып жатат. Шарттуу эгемендүүлүк деген эмне? Франция Алжирден чыгып баратканда, ошол мезгилдеги президент де Голль мындай деген: “Биз Алжирден чыгып баратабыз, бирок биздин ордубузга отура турган башкаруучу элита биздин кызыкчылыктарды бизден да жакшыраак коргойт.” Бул ошол “эгемендүүлүктүн” сыры жана наркы. Ал эми Кыргыз Республикасы дагы де-юре эгемендүү болуп эсептелген менен, де-факто Орусиянын же Кытайдын бир колониясына айланып бараткандай.
Жылдар бою Франция 20га жакын Африка өлкөсүн эксплуатация кылып, болгон кен байлыгын сатып жыргап жашашты. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул колонияларды башкара албай калгандыгын байкаган Франция өкмөтү колониалдык эзүүнүн жаңы ыкмасын тандашат. Бул шарттуу эгемендүүлүк деген түшүнүк.Ар бир колониалдык өлкөдөн чыгып баратканда Франция үч шарт койгон: француз тили расмий тил катары кабыл алынат; билим берүү системасы Франциянын көзөмөлүндө калат; кен байлык иштетүү, каржы жана укук системасы Франциянын каалаганындай болот. Колониалдык өлкөлөр буга макул болушат. Арасынан каршы чыккандарын коркутуп-үркүтүп, кээ биринин көзүн тазалайт.Франция бул өлкөлөрдө өз тилин таңулоого жана жайылтууга каттуу аракет жасайт. Француздарга жана француз маданиятына болгон сүйүүнү тил аркылуу күчөтүшөт. Жадагалса наны жок отурган айыл-кыштактарды да французча китептер менен камсыз кылышат. Кайсыл бир коомду манкуртташтыруу процесси ар дайым тил аркылуу жүзөгө ашырылат эмеспи. Сенегал, Чад, Нигер, Гвинея, Камерун, Алжир, Тунис, Конго жана Кот-д’Ивуар өлкөлөрүндө француз тилиндеги радиостанциялар жана телеканалдар ачылып, китеп, журнал, гезиттер ушул убакка чейин басылып келет. Элдин аң-сезиминен Франция өлкөсүн чыгарбай, унутпай турган ыкмалар колдонулат. Аталган өлкөлөрдүн жарандары өз тилине караганда, француз тилинде жакшы сүйлөп, түш жоруйт. Француз тилинде сүйлөө маданияттуулуктун, өзгөчөлүктүн белгиси катары кабыл алынат. Жалгыз гана француз тилин билгендер башкаруучу макамдарга жетүүсү мүмкүн боло турган системаны пайда кылышат. Французча сүйлөө шаардыктардын өзгөчөлүгү катары кабыл алынып, өз тилинде сүйлөгөндөр шылдың астында калышат. Дал ушундай эле Орусия алгач Орус падышачылыгы, андан соң СССР биримдиги аркылуу кол астында көптөгөн элдерди эзип келген. Кеңештин кулашы менен шарттуу эгемендүүлүк берилгени менен, чын-чынына келгенде орусчул элиталар бийликке келип, учурда да орус кызыкчылыгы үчүн иштешет. Орусча ойлонот, маданияттуулукту орустар менен байланыштырат, орустарга миллион жаранын кул кылып бере турган система курушкан. Ал эми карапайым эл орус тилин окутуу менен баласын “агартып” жатам деп ойлойт. Орусча канал, гезит, китептер кыргызчага караганда басымдуулук кылат. Саясий, илимий элита орусча сүйлөгөндү өнүгүүнүн белгиси катары көрөт, орусча билбесең мамлекеттик жумушта иштешиң татаалдашат. Билим берүүдөгү программалар орустар мурас катары таштап кеткен чиймеден чыкпайт. Кыргыз тилдүү мектептерге ата-энелер өз чөнтөгүнөн акча чыгарып китеп алып беришсе, орус тилдүү мектептерге Орусиядан “бекер” Россия матушка деген китептер таратылат. Бул чөлкөмдө жалгыз биздин өлкөбүздө гана орус тили расмий макамда отурат.
Алжирди көзөмөлдөгөн француз губернатору мындай деген: “Биз алжирликтерди Курандан жана арабча сүйлөгөндөн алыстатмайынча жеңе албайбыз. Куранды унуттуртуп жана араб тилин жок кылуу-биздин негизги максатыбыз”. 70 жылдык совет доорунда биздин элибиз дагы өз дининен, каада-салтынан, үрп-адатынан, нарк-насилинен болушунча узакташтырылган жана анын ордуна орус маданияты сиңип калган. Жадагалса балдарын “орус келатат” деп орус элине агалык макамды ыйгарып койгонбуз. Араб жазуусу жокко чыгарылып, ордуна орустардын кирилл ариби күч менен киргизилген. Араб жана парс тилинен келген баардык тарых, маданият,адеп ахлак, илимге байланыштуу сөздөр жергиликтүү диалект, оштуктардын сөзү деген шылтоо менен керектен чыккан. Ордуна орусча сөздөр кирип,учурда ар бир кыргыз сүйлөшүп жатып , эки сөзүнүн биринде орусча сөз кошууну адат кылган. Өзүбүздүн эле орустар чоңойткон кыргыз элитабыз диндарларды жек көрүп, аларга сын көз караш менен карайт. Курандан бир сап билбесе да, шеринеде 50 грамм ичкенде орустун “Катюшасы” менен “Ой, морозун” келиштирип созолонтуп ырдап чыгат. Өзү орустун кийиминде жүргөнүн билбей, Ислам дини талап кылган жоолукту арабташып кетүү деп билет. Башкача айтканда сыртынан көзү жымшык, бети жалпак кыргызга окшошкону менен, өзөгү орус болгон коом. Учурдагы бир миллион мигранттын балдары да Орусиянын нанын жеп, мектебинде окуп жатканын эске алганда, ал киргиздер10-15 жылдан кийин көпчүлүктү түзөт.
Франция франктилдүү өлкөлөрдүн ФРАНКМОНИ атындагы бирикмесин түзүп, жыл сайын төрөга катары французча сүйлөгөн Африка өлкөлөрүн жыйып, мындан аркы саясатын талдап турат. Тилдин канчалык маанилүү экендигин байкадыңызбы? “Француз колониалдык франкы” (CFA) аркылуу Африканы көзөмөлдөө бир топко жеңилдеген. Бул француз акча системасына каршы чыккандардын баарын паракорчулукка айыптап, түрмөгө отургузуп турушат, же болбосо түстүү ыңкылаптар аркылуу тынчтандырат. CFA системасы киргизилген Гвинея-Бисау, Экваториалдык Гвинея, Буркина-Фасо, Бенин, Нигер, Мали, Сенегал, Того, Габон, Чад, Конго, Камерун жана Борбордук африкалык Республиканын абалы оорлошуп, эли итке минген абалда жашайт. Африканын 14 өлкөсүнүн валютасы жана резервтери 1961 жылдан бери Франция банктарында сакталып келет. Франция жалпы Африка материгинен жылына 500 млрд доллар пайда көрөт. Өз көзөмөлүндөгү баардык Африка өлкөлөрүнүн борбордук жана улуттук банктары Франциянын көзөмөл астында иш алып барат. Бул өлкөлөр өз каражаттарын өздөрү каалагандай иштете албайт. 15 % гана эркин иштеткенге уруксат беришкен. Орустар деле ШКУ, ЖККУ, Евразиялык биригүү деген аталыштагы саясий шеринелер аркылуу Түркистандагы мусулмандардын тизгинин тартып, орусча вирустун таасиринен чыкпасын деген таризде “эмдеп” турат. Бажы биримдигинен орустан башка эч ким пайда көрбөгөнүн баары эле түшүндү. Бул бирикмелер аталышы экономикалык болгон менен, түпкү максаты саясий таасирин жоготпоо аракети. Жакында эми СССР 2.0. версиясындагы бирикмени куруу аракетин өз жон терибиз менен сезебиз, алгачкы кадам Белорусияда башталды.
Африка өлкөлөрүндөгү ири экономикалык активдер француздардын колунда. Мисалы Кот-д’Ивуарда француз компаниялары негизги кызмат көрсөтүүчү секторду ээлеп алган: суу, электр менен камсыз кылуу, телефон байланышы, транспорт, порт, ири банктар, соода, курулуш жана айыл чарба.Ар дайым Франция өлкөсүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттик тендерлерде эске алуу менен бирге, аларды биринчилерден болуп тандоого мажбур болушат.Мамлекеттик контракттарды түзүүдө француз компаниялары өзгөчө приоритетке ээ. Эгерде бул шарт аткарылбаса аталган өлкө “башчылары” өз кызматынан четтетилет. Бизде деле “Кыргызгазды” 1 долларга баалап сатып, калган мамлекеттик ишканалар сатыкка даяр турат. “Таза Коом” долбоорун орус компаниясы утуп алгандыгы да жөн жерден эмес. Орусия эч качан өлкөбүздү өнүктүргөнгө салым кошпойт, тескерисинче Камбар-Ата долбоорундагыдай колдон келишинче кечиктирип,келишимди одоно бузуп, керек болсо өзүбүздү карыз кылганга жетишет.
Африкалыктар жадагалса башка өлкөлөргө чыгуу үчүн дагы Париж аркылуу учууга мажбур болушкан.Бирок учурда абал өзгөрүлүп, Turkish Airlines Африканын баардык жеринде уча баштады. Көпчүлүк учуулар Стамбул аркылуу жүзөгө ашырылып жатат. Бул абал Франциянын тынчын алып, Түркияга болгон сын көз карашын күчөтөөдө. Франция Африканы Түркиядан “ сактап” калууну көздөп жатат. “Манас” эл аралык аба майданын орустарга өткөзүп берели дегендер эртеге дүйнөнүн чар тарабына жалгыз гана Москва аркылуу учуу мүмкүн болуп калаарын элестетип көрүшсүн.
Гвинеянын Секу Туре атындагы мусулман лидери француз колониалдык системасынан толук чыгууну көздөп аракет кыла баштаганда, Париждеги француз колониалдык элитасынын өкүлдөрү буга ачууланып Гвинеяны жер менен жексен кылып, талоонго алышкан. Того Республикасынын президенти Сильванус Олимпио CFAдан чыгып, өз акчаларыбызды басып чыгарабыз деген аракети үчүн 1963-жылы киши колду болгон. Бул нерсе башка африка лидерлерине да “сабак” болгон эле. Мали Республикасынын президенти Модибо Кейт да дал ушундай CFA чыгуу ниетин билдирген соң, французчул аскерлер тарабынан төңкөрүлүштүн жыйынтыгында кызматынан кетүүгө мажбур болгон. Франция эч качан кол астындагы өлкөлөрдүн CFAдан чыгуусуна жол берген эмес. Акыркы 50 жыл ичинде Афрканын 26 өлкөсүндө 67 жолу ыңкылап орун алган. Булардын көпчүлүгү Франциянын карамагындагы өлкөлөр. Түстүү ыңкылаптар жана түрдүү кыргындар менен Франция бул өлкөлөрдөгү бийлигин сактап келүүдө. Бийликке ар дайым алар даярдаган гана адамдар келе ала турган система курулган. 1992 жылы Алжирде антифранцуздук FIS (Исламды куткаруу фронту) аталышындагы мусулмандардын партиясы шайлоодон чоң ажырым менен утуп алышат. Буга каршы Франция өлкөсү алжирлик аскерлерди мамлекеттик төңкөрүш кылууга мажбур кылышып, 200 000 адамды жок кылышат. FIS кыймылынын лидери Аббас Майн түрмөгө камалат. Кыргызстан да дагы Бакиев учурунда өз алдынча саясат жүргүзө коебуз деп, кандуу төңкөрүлүш орун алган.1990 жана 2010-жылкы окуялар аркылуу орус бийлиги өлкөбүздөгү таасирин бекемдеп алган. Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик че араларындагы чыр чатактар ар дайым орус атайын кызматтары тарабынан козутулуп жатканын көбү билбейт.Эки боордош элди тукуруп коюп, океңдер контрабандага жана наркотрафикке негизделген бизнесин өнүктүрүү менен алек. Шайлоо астында ар бир партия, ар бир лидер алгач Кремлден бата алып “аттанганы” көп нерсени түшүндүрүп турат. Учурдагы бийликчил партия да орус чиймесинен чыкпаган көч десек жаңылышпайбыз. Бул аймактагы Исламий аракеттер бешиктеги абалында эле орус атайын кызматтары тарабынан жок кылынат. Мисал катары Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын (ПИВТ) өкүлдөрүн атап кетсек болот.
Африка өлкөлөрүндөгү ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК- жөн гана иллюзия. Франция бул өлкөлөрдөгү билим берүү, экономика жана укук системаларында өз машкелерин коюп “чыгып” кеткен. Ал эми макоо африка эли жыл сайын эгемендүүлүк жана эркиндикке чыгуу күнүн белгилеп келишет.Саясий сыйкыр менен Франция мурункудан да эффективдүү шекилде башкарып келүүдө. Биздин деле кыкеңдер жыргатып күрөш менен эгемендүүлүккө жеткенсип жыл сайын майрамдап, миллиондогон акчаларга асманга салют атып жатышат. Көптөгөн укуктук актылар (НПА) орустардын эле мыйзамындагы РФ деген жерин КРге өзгөртүү аркылуу парламентте кабыл алынгандыгын эске алсак, демек биздин абалыбыз деле ошондой эле. Бийликчил партиянын уставындагы ката буга далил боло алат.
Акыркы жылдары Түркия Ливияда аскер база куруу менен кайрадан бул Африка континентине көпүрө кура баштады. Осмон дөөлөтү учурунда Ливияны Африканын ачкычы деп бекеринен атабаса керек эле. Учурда Түркия өкмөтү башка дагы Африка өлкөлөрү менен мамилени бекемдеп, жыл сайын жүз миңдеген африкалыктарды бекер окутуп келүүдө. Мындан сырткары ТИКА мамлекеттик агентиги аркылуу көптөгөн материалдык жардам көрсөтүүдө. Колонизаторлор сымал балык эле бере бербестен, балык тутканды үйрөтүп жатышат. Мунун баары Франциянын уйкусун бузуп, эми мынтип Грецияны Түркияга тукуруу аркылуу Африкага болгон Түркиянын кызыгуусун токтотконго аракет кылып жатат. Азырынча Франция баштаган Африка үчүн согуш Жер ортолук деңизде Греция жана Израиль зулум биримдигинин колдоосу менен түрктөргө каршы саясий үчилтик түзүлүүсү менен башталганы турат. Ливиянын чыгышынан болсо Мысыр (Египет), БАЭ( Бириккен Араб Эмираты), Сауд падышачылыгы жана Орусиянын саясий квартети күчтөнүүдө. Африка өлкөлөрү го Түркия менен жаңы саясий полюс куруунун аракетин кылып жатат. А биздин саясий векторубуз кандай, ким менен дос, ким менен кас болобуз? Же маданияттуу колония болуп жүрө беребизби?
“Пендем санап миң кылат да, Эгем санап бир кылат” дейт кыргыз элинде. Акыйкат менен Батылдын согушунда өз тарабыңыздарды тандаңыздар! Ля галиба илла Аллах! Аллахтан башка жеңүүчү жок! Аракет бизден, жыйынтыгы Кудайдан! Бул үммөт жыйынтыктан эмес, аракеттен суралат! Бир гүл менен жаз келбейт, бирок ар бир жаздын келиши бир гүл менен башталат!
Автору
Нуриет Абдулазиз
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button