БийликКоомМыйзам жана укукӨкмөт

Бишкектин коменданты шаардыктарга кайрылды

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев тартип бузуулар таптакыр болбошу керектигин, азыр көп катталып жатканын айтып, шаардыктарга кайрылды:

«Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес, биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды, ошондуктан мен шаардыктарга кайрылам, коменданттык саатты жана карантиндик-санитардык эрежелерди бузбаңыздар. Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар колдонулат», —  Орозалиев.

Андан сырткары, өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 17 аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган кошумчалады.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close