БийликӨкмөт

Бишкектин бюджетинен 15 миӊ үй-бүлөгө азык-түлүк берүүнү пландап жатышат

Бишкек шаарынын бюджетинен дагы азык-түлүккө муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү планы бар. Учурда муктаж адамдардын санын тактоо боюнча акимиаттарда социалдык кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн турган райондук штабдар иштеп жатканын мэр Азиз Суракматов 7-апрелдеги онлайн маалымат жыйында айтты.

«Шаардык бюджеттен дээрлик 15 миӊ жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун – май, чай, кант, кесме, күрүч берүү пландалды. Алардын баары биринчи керектүү азык-түлүк топтомдору менен камсыздалат», — деди мэр.

Мээрдин маалыматы боюнча, өкмөттүн чечими менен Бишкек шаарындагы көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө 6 000 кап ун бөлүнгөн. Ундун 50%ы муктаждарга жеткирилди.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт