АналитикаЭкология

Бишкектин булганган абасы. Кантип тазалайбыз?

Бишкектин абасы жан кейиткен көрүнүштө, ден соолукту бузган абалда калды. Бул абал үчүн автомобиль, көмүр жаккан үйлөр, Бишкек жылуулук борборун айыптап жатабыз.

Автомобиль демекчи, Москвада 8 млн. автоунаа катталыптыр. Бишкекте 400 миң катталганы кабарланган. Мына ушундай айырмага карабай Москва абасынын тазалыгы боюнча эң алдыңкы шаарлардын катарында турат. Маселен, 24-февралда кечке жуук Москва абасынын тазалыгы боюнча көрсөткүчү 19 балл болуп, жашыл зонада 80чи орунду ээлеген. Же абасы жашоого мыкты деген орунда турат.

Жаан себелеп турган Бишкектин көрсөткүчү 150. Ээлеген орду 12. Же дуйнөдө абасы эн бузулган 100 шаардын ичинен 12чи орунду ээлеген. Жамгыр жаап абалды бир аз оңдогон. Жамгыр болбогондо абасынын булганышы боюнча эң алдыда турган Мумбай 277, Дакка -244 шаарларынан калышпас эле.

Москва эски автоунааларга салыкты көтөрүп жатат (юридикалык тараптарга). Көздөгөнү экологиялык абалды жакшыртуу. Кыргызстан да бул багытта тийиштүү чараларды көрүш керек го?. Бишкекте эски камаздар бир заводдой кара түтүн буркуратат. Шаардын кайсыл жеринде болбосун жүрүшөт. Бишкектин батыш тарабында темир ээритип арматура сыяктуу түрдүү темир-тезек жасагандар да өзүнүн терс салымын кошуп жатат.

Анан албетте, Бишкекте абанын булганышына жер үйлөрдө көмүрдүн жагылышы чоң салымын кошуп жатат. Көмүр жагуунун азайтып, үйлөрдү акырындап газ, электр энергиясы менен жылытууга өтүүсүз Бишкектин абасын тазалоо мүмкүн эмес.

Газ маселеси эң татаал. Кыргызгазды АШАбай 1 долларга орустарга сатып жиберген. Түтүктөрү да, имараттары да, инфраструктурасы да бүтүндөй 1 долларга бааланган. Чеги жок кыянатчылык…

Эми монополист Газпром өзүнүкүн зордоп кармайт. Газга бааны түшүрбөйт. Салыштырып көрүңүз: Кыргызстан үчүн 1миң куб метр газ 17870 сом же 255 доллардан сатылып жатат. Эң кымбат. Россия менен иш жүзүндө согуш абалында турган Украинага газ 1 миң куб метри 186 доллар болуп жатат.

Беларусь Россиядан 1 мин куб метр газды 90долларга бересиң деп талап коюп, катуу соодалашып жатат. Лукашенко арстандай болуп мамлекет, элдин кызыкчылыгын коргоп жатат.

Тажикстан Өзбекстандан 1миң куб метр газды 120 доллардан сатып алып алат.

Кыргызгазды 1 долларга саткан Кыргызстан газ саясатында колу-буту кесилгендей болуп калды. Эч кандай саясат жүргүзө албайт. Демек, элибизге кымбат газ болот. Бул деген газ менен жылытууну Бишкектин жана жаңы конуштардын тургундары көтөрө албайт дегендик. Айына 20-30 миң сомдон үй жылытууга төлөө мүмкүнбү? айлыгы 10-15 миң сом, пенсиясы 3-5 миң сом болуп жаткан бишкектиктер анчаны кантип төлөйт.

Ошондуктан электр энергиясы менен жылытууга өтүү, үйлөрдө жылуулукту сактоонун заманбап жолдорун өздөштүрүү жолу гана калууда. Бул үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу керек. Ансыз бул максат да ишке ашпайт.

Автору
Айданбек Акмат уулу
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button