Коом

Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 3-февралда Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тарта 18:00гө чейин маал-маалы менен төмөнкү даректерде жарыктык өчүрүлөт:

– Алтын-Ордо конушу (2-4-көчөлөр);

– 10-кичи район;

– Курманжан Датка, Жибек Жолу, Буденный көчөлөрү менен чектешкен аймактар;

– Көлбаев, Ибраев көчөлөрү;

– Рухий Мурас;

– Тыныстанов, Лев Толстой, Саякбай манасчы, Панфилов, Махатма Ганди, Горький, Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши;

– Арча-Бешик;

– Калыс-Ордо, Ак-Өргө (Жаңыл Мырза, Курманжан датка көчөлөрү).

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button