Ден-соолукКоом

Бишкектеги жаңы оорукана курулуп бүттү. Бейтаптар бүгүн эле кабыл алынып баштайт

Бишкек шаарындагы жаңы эксперименталдык тез курулуучу инфекциялык оорукана бейтаптарды кабыл алууга даяр.

Оорукана 3 бөлүктөн турат: жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмү, биринчи жана экинчи дарылоо бөлүмдөрү. Оорукана 100 орунга ыңгайлашкан.

Бөлүмдөрдө 3 жана 2 кишилик палаталар бар. Ар бир палатанын өзүнчө дааратканасы жана жуунуучу жайы курулган. Ал эми дарыгерлер үчүн бейтапты палатага кирбей кароо үчүн кичинекей терезе салынган.

Оорукананын ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров жана Республикалык инфекциялык оорукананын эмгек жааматы катышты.

Оорукананын курулушу ушул жылы 25-июлда башталган. Курулуш иштерине жалпы 77,5 млн сом бөлүнгөн. Оорукана бардык медициналык аппараттар жана башка эмеректер менен жабдылган.

Министрдин айтымында, оорукана орточо 50 жыл кызмат көрсөтө алат.

«Коронавирус менен ооруган бейтаптарды бүгүн эле кабыл алып баштайбыз. Ооруканада 125 медицина кызматкери эмгектенет. Алардын ичинде 22 дарыгер бар», – деди Бейшеналиев.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button