КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар. Тизме жана даректер

Бишкек шаарынан турак-жай сатып алууну көздөгөн жарандарга курулуштун мыйзамдуу экенин аныктоо үчүн Сүйүмбаева, 16а дарегинде жайгашкан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан тактап алуу сунушталат.

Бишкекте бир катар курулуш объектилери ар кандай мыйзам бузуулар үчүн инженердик түйүндөрдөн ажыратылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды аныктоо иштери уланууда. Мыйзамга ылайык, архитектуралык документациясы жок бир дагы курулуш ишке ашпашы керек.

Бүгүн аныкталган мыйзамсыз курулуштар:

  • Самойленко, 4в дарегиндеги имарат. Түрттүрүү боюнча чечим чыгарылган. Ээси Жолдошбеков М. М.;
  • Жал-15 кичи районундагы 10 кабаттуу үй. Бишкек шаардык соту түрттүрүү чечимин чыгарган. Ээси — “Ак-Шагыл”;
  • Самойленко, 4в дарегиндеги көп кабаттуу эки үй. Ленин райондук соту тарабынан түрттүрүү боюнча чечим чыгарылган. Ээси — Абдувалиев Б. С.;
  • Тогуз кабаттуу курулуш, дареги көрсөтүлгөн эмес. Документтери толук эмес. Протокол түзүлүп, 23 000 сом айып салынган. Ээси — “Кант Сервис Плюс” ЖЧКсы.

Бишкек шаарынан турак-жай сатып алууну көздөгөн жарандарга курулуштун мыйзамдуу экенин аныктоо үчүн Сүйүмбаева, 16а дарегинде жайгашкан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан тактап алуу сунушталат.

Булак
Sputnik Кыргызстан
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button