БийликПартиялар
Маанилүү

Бишкектеги митингге Камчыбек Ташиев менен Курсан Асанов келип кошулушту

Бишкектин «Ала-Тоо» аятында шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар өткөрүп жаткан митингге генерал Курсан Асанов да келип кошулду.

— Мен акыйкатсыз камалып кеткенде ушул партиялар колдоп турган. Мен да эл менемин, силер мененмин. 

Шайлоо өтө ыплас өткөнүн биз да көрдүк. Керек десеңер мандатымдан баш тартууга даярмын,- деди Курсан Асанов.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан шайлоого катышкан. Ал 7-тизмеде.

Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү саясатчы Бектур Асанов да митингге келип кошулду.

4-октябрда парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтпөй калган оппозициялык маанидеги партиялар биригишкен. Алар кайра парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт