ОкуяларСаясат

Бишкектеги митинг: Садыр Жапаровдун тарапкерлерине нан жана суу таратылды

Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги өтүп жатат. Аны уюштургандар мэрияга акция өтө тургандыгын алдын ала кабарлаган.

🔴ТҮЗ ЭФИР: Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги

Президентке жолугууга баргандарды Ак үйгө киргизишкен жок.
Президенттик аппараттын Кайрылуулар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Саякбай Субанов чыгып президенттин атынан кайрылуусун угуп, жеткире турганын айтты. Бирок буга алар макул болушкан жок. Жээнбековдун өзү кабыл кылышын талап кылып, көпкө чейин талашып тартышты. Натыйжада Субанов Садыр Жапаровдун иниси Сабырды жана эки аксаксалды кабыл алышын сурап көрөрүн айтты. Ошентип Ак үйгө келгендер саат 17.00гө чейин жооп күтөрүн айтып,  артка кайтышты. Ошондой эле Митингчилерге нан жана суу таратышты.

Мындан эки күн мурда интернетке 20га чукул автоунаа Кыргызстандын желектери менен Ысык-Көлдөгү трассада тизилип алып кетип бара жаткан видеосу тараган. Элдин Тоң районунан тынчтык митингине бара жатканы айтылган. Социалдык тармактарга ага Жапаровду колдогондордон башка дагы нааразылык акциясынын катышуучулары кошулат деген маалымат тарады.

Эске салсак, Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button