БийликОкуялар

Бишкектеги мектепте кургак учуктун ачык түрү менен ооруган мугалим иштеп жүргөн

Бишкек шаарындагы мектепте эмгектенген мугалимге кургак учуктун ачык түрү жукканы маалым болду. Ал мугалим №38 мектеп-гимназияда эмгектенип жүргөнүн АКИpress агенттигине бүгүн, 5-мартта шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, мугалим мектепке 2019-жылдын сентябрь айында кабыл алынган.

«Ал жумушка уруксат берген медициналык китепчесин көрсөткөн. Свердлов райондук үй-бүлөлүк медицина борбору 27-февралда берген маалыматта мугалимдин диагнозу тууралуу айтылган. Учурда мугалим ооруканада дарыланып жатат», – деп билдирди ал.

Ошондой эле 5-6-7-класстардын окуучулары да текшерүүдөн өтүп жатат.

«Окуучуларга Манту реакциясы жасалды, ошондой эле рентгенден текшерүүдөн өтүшөт. Мугалимдер да текшерилип жатат. 140тан ашык мугалим рентгенден текшерилип, таза чыкты», – деп кошумчалады.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close