КоомОкуялар
Маанилүү

Бишкектеги феминисттер маршынын катышуучуларын кармап жаткан учурдагы видео

Борбор калаадагы “Жеңиш” аянтына эки топ чогулду. Бири — марш өткөрүп уюштургандар, экинчилери ага каршы чыккандар эле.

Бишкек шаарында бүгүн милиция феминисттер маршынын катышуучуларын кармап кеткенин Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ошол жерден туруп маалымдады.

Акция саат 12:00гө пландалган. Анын катышуучулары “Жеңиш” аянтынан ылдый Жибек Жолу проспектин көздөй кетип, андан ары Абдрахманов көчөсүнө түшүп, андан соң жогору карай Опера жана балет театрына келишмек.

“Катышуучулар болжол менен саат 11:00дө чогула баштады. Бир сааттан кийин милиция келип аларды кармап, автобустарга сала баштаган. Андан сырткары, аянтка маршка каршы чыккандар да келишти. Алардын арасында эркектер эле эмес, аялдар да жүрдү”, — деди кабарчы.

Эске салсак, феминисттер маршы былтыр, 2019-жылы да болуп, анда аларды тартип коргоо өкүлдөрү кармаган эмес.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button