БийликОкуялар

Бишкекте “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарында “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүрүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында интернет аркылуу «халифат» түзүүгө аракет кылган Ж. А., аттуу кыргыз жараны кармалган.

«Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

КР Жогорку сотунун токтому менен «Хизб-ут-Тахрир» 2003-жылдан 20-августунан тартып экстремисттик уюм деп таанылып, Кыргызстандын аймагында анын иш-аракеттерине тыюу салынган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт