БийликОкуяларӨкмөт

Бишкекте казак жарандары митингге чыкты (Фото)

Бишкекте эки казак жараны Бишкектеги Ала-Тоо аятына митингге чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, митингге чыккан эки жаш бала “Кенесарынын башын кайтарып бергиле” деген жазуу жазылган плакатты көтөрүп алып чыгышкан.

Эки жаш бала «хайп» үчүн чыгышы мүмкүн.

Кенесары Касымов Орто жүзүнөн чыккан султан, Чыңгыз хандын жана Аблай хандын тукуму, 1841-жылдан баштап Орусия императору Николай I тааныбаган казактардын бардык Үч жүзүнүн ханы. 1837–1847-жылдары казактардын Орусиядан улут-азаттык кыймылынын башында болгон.

Алгач Кенесары Орто жүздө чоң атасы Аблай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн чексиз жеке бийлигин орнотууну эңсеген. Ошондой эле ал Казакстанда Орусия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну көздөп, чечкиндүү түрдө падыша аскерлеринин жолун торогон.

Булак
fakt.kg
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button