Ден-соолукКоом

Бишкекте эки адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Жалпы: 14

Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жуктургандардын бири 24 жаштагы жигит Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жаткан. Ал эми экинчиси 26 жаштагы жигит Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайтып келип, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.

Коронавирус жан алууну улантууда

Мындай жол менен өлкөдө СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 14кө жетти. Буга чейин илдет жугузгандардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта болсо, дагы бир адам Баткен районунун тургуну болчу. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close