ВидеоКоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Бишкекте 9-кабатынан кулап кеткен жигит аман калды (ВИДЕО)

Бишкекте курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан бир адам кулап кетти. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, 2021-жылы 1-мартта полицияга 2002-жылы туулган Э.Ж., БНИТСТОнун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Учурда адам реанимацияда жатат.

Э. Ж. Токомюбаев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулап кеткени аныкталды.

Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Тоо-кен иштери, курулуш иштери, жардыргыч заттарды жана башка жумуштарды аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт