Коом
Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны кайтып келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.
Алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» багыты боюнча чартердик каттам менен келишти.
Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ж. б. максатында ал жакта а болушкан.
Келгенден обсервацияга жайгаштырылды.
Дүйнө жүзүндө жалпы 5 млн 497 миң 532 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 346 миң 269 адам каза болду. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.
Коронавирус жуктурган бейтаптардын саны боюнча алдыңкы 10 өлкө:
- Америка – 1 662 768 (каза тапкандар – 98 223);
- Бразилия – 374 898 (23 473);
- Россия – 353 427 (3 633);
- Улуу Британия – 262 547 (36 996);
- Испания – 235 400 (26 834);
- Италия – 230 158 (32 877);
- Франция – 183 067 (28 460);
- Германия – 180 600 ( 8 309);
- Түркия – 157 814 ( 4 369);
- Индия – 145 456 (4 172).
Буга чейин бул тизмеде Иран өлкөсү да бар болчу. Анын ордуна Индия кошулду.