Бишкектеги Исанов жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Sheraton» мейманканасынын жанында унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттү өчүрүүгө саат 10:13тө бир бөлүм тартылган. Унаадан чыккан өрт саат 10:30да чектөөгө алынып, саат 11:02де толугу менен өчүрүлгөн.