Аналитика

Бишкек-Москва каттамына билеттин баасы 100 миң сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Жакынкы апталардагы Бишкек — Москва каттамы боюнча билеттердин баалары тууралуу, ошондой эле "Аэрофлоттун" рейстери апрель айында токтотулабы же жокпу деген суроого материалдан жооп алыңыз.

Кечээ, 9-мартта, Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Россияга авиабилеттердин баасы боюнча маселе көтөрүлгөн. Депутаттар Улугбек Ормонов менен Сайдолимжон Жураев КРдин жарандык авиация жаатындагы ишин карап чыгууну сунуш кылышкан.

«Ушул тапта Москва — Бишкек каттамындагы авиабилеттердин баасы 8 миңден 15 миң сомго чейин, ал эми кайра баратканда 50 миң сомго чейин болууда. Эмнеге мынча чоң айырмачылык бар? Ушундай баалар бизде гана экен. Өзбекстан менен Казакстанда билеттердин баасы 20-25 миң сомго чейин. Биздикилер эле ашыкча акча төлөп жатышат. Россиялыктар өздөрү алда канча арзан учушат. Бул маселени тезинен чечүү керек», — деген депутат Ормонов.

Министрлер менен мекеме жетекчилеринин жоктугуна байланыштуу комитет жарандык авиация жаатындагы иштер боюнча маселени кароону кийинки жыйынга калтырган. Ормонов комитеттин аппаратынан доклад жасай турчулардын толук келүүсүн камсыздоону өтүнгөн.

Sputnik редакциясы жакынкы апталарда Бишкектен Москвага учуу канча болорун билди.

Ушу тапта Бишкек — Москва багыты боюнча учууларды эки компания ишке ашырат. Бири Россиянын «Аэрофлоту», экинчиси жергиликтүү «АвиаТраффик». Ошол эле учурда Россияга билеттер 33 миңден 95-98 миңге чейин болууда.

«АвиаТраффиктин» сатуу бөлүмү Sputnik агенттигине компанияда бирдиктүү тариф коюлганын билдирди. Россияга билеттер 33-34 миң сомдон сатылып жатат.

Маселен, ушул жумада Бишкектен Москвага билеттер 33 700 миң деп турат. Эгер евронун курсу өзгөрбөсө, кийинки жума деле наркы өзгөрбөйт.

Марттын этегинде авиабилеттердин баасы 34 700 сомго көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылды.

Компания билдиргендей, жарандар учар алдында ПЦР-тест тапшырып, сайттагы анкетаны толтурушу керек. Ал эми «негиздеме» деген документти тапшыруунун кереги жок.

Россиялык «Аэрофлоттун» сатуу бөлүмүнө байланышууга мүмкүн болбогондуктан сайтындагы маалыматка үңүлдүк. Компания туруктуу каттамдарды экинчи, бешинчи жана дем алыш күндөрү жүргүзөт.

Москвага кезектеги рейс бүгүн, 10-мартка, белгиленген. Билеттин баасы 42 752 сом. Баа ушул айдын этегине чейин өзгөрбөй турганы жазылган.

Анткен менен Kyrgyz Concept туроператорунун кызматкери «Аэрофлоттун» сайтындагы баалар дайыма эле дал келбей турганын айткан. Компаниянын 12-марттагы каттамындагы билеттин баасы 100 миң сомго (98 723) чукулдайт

Март айынын аягына чейин Бишкек — Москва (Шереметьево) авиабилеттеринин баасы (баасы Kyrgyz Concept тарабынан көрсөтүлгөн

14-мартта — 52 969 (сом менен, мындан кийинкилери дагы

16-мартт — 79 026

19-мартта — 52 969

21-мартта — 79 026

26-мартта — 98 723

28-мартта — 42 193

30-мартта — 52 969

 

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт