Ден-соолукКоом
Маанилүү

Бир суткада дароо 69 адамдан вирус табылган себеби айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны бир суткада дароо 69га жогорулаган себебин түшүндүрдү. Мекеменин маалыматына караганда, буга 12-13-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келгендерден алынып, тоңдурулуп коюлган үлгүлөр текшериле баштаганы себеп болду.

“Бул үлгүлөр аталган адамдар 17-мартта обсервацияга жаткырылган кезде алынып, тоңдурулуп коюлган. ПЦР анализ жүргүзүүгө керектүү реагенттер жок болгондуктан аларды тесттен өткөрүү мүмкүн болбой жаткан” деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, 69 адам обсервацияга алынган, элге аралашуусуна жол берилген эмес.

Жалпысынан 8 миңге жакын үлгү тоңдурулуп коюлганын белгилеген мекеме азыр Кыргызстан тийиштүү каражаттар менен камсыз болгонун, андыктан илдетти аныктоо темпи тездей турганын билдирди.

Азыр мындай тесттен 2200 даана бар экени, бүгүн Орусиядан дагы 20 миңи келери айтылды.

5-6-апрелде Кыргызстанда COVID-19 вирусу 69 кишиде аныкталды. Алардын бардыгы обсервацияда жаткандар:

Ош облусунда – 47
Бишкекте – 5
Чүй облусунда – 1
Нарын облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 13 киши.

Ошентип, 6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү табылгандардын саны 216 киши болду.

Буга чейин COVID-19 вирусу табылган эки кыргызстандык каза болгон, 6-апрелде дагы экөө көз жумду. 23 бейтап айыкканы кабарланды.

Булак
"Азаттык"
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт