Коом
Маанилүү

Баткендик жаштар классташына үй салып беришти (фото)

Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургундары, 7 адамдан турган Зулпуевдердин чоң үй-бүлөсү үйлүү болушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген досуна үй салуу демилгесин мектепте чогуу окуган классташтары көтөрүп, ашар жолу менен аны ишке ашырган. Жаштар курулуш материалдары үчүң жалпы 350 миң сом каражат сарпташкан.

Демилгелүү жаштарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиКадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылган.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close