КоомМыйзам жана укукОкуялар
Маанилүү

Башкаруу формасын билбеген «экичи юрист» кайрадан кагуу жеди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун “макул” “каршы” агитация топторунун арасында теледебат өткөрүп жатат. ЭлТР телеканалында өтүп жаткан мурдагы дебаттардын биринде Садыр Жапаров жактаган президенттик башкарууну колдогондордун тобундагы юрист Ринат Зарлыков башкаруу формасын атай албай уят болгон.

https://www.facebook.com/100037057959173/videos/pcb.417390669506195/417390032839592/

Өзүн юрист деп тааныштырган Ринат Зарлыков Президенттик башкаруу формасына каршы тобунун жетекчиси Бактыбек Калмаматовдун сөзүн бурмалоого аракет кылды. «Деңгээлиңди бийик карма, сен мектеп окуучу эмессиң, бүтүндөй эл карап турат» деп жаагын басты. Бул жолу да катуу кагуу жеди. Ушинтип ар эфир сайын чыгып уят болгон мындай «юристтер» телеге чыгардан мурда мыйзамды бир сыйра окуп, айтар сөзүн, коё турган кинесин башта ырастап албайбы?

https://www.facebook.com/100037057959173/videos/pcb.417390669506195/417390249506237

Буга чейин Садыр Жапаровдун “бүгүнкү күндө Кыргызстанда бийликтин үч бутагы бар: парламент, президент жана өкмөт” деген сөзү талкууга түшкөн.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт