БийликЖогорку КеңешПартияларСаясат

Бакыт Төрөбаев: Популисттик куру кыйкырык, ишти эч качан алдыга жылдырбайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев коомчулукка кайрылуу жасады. Анын айтымында, көчөгө чыгып кыйкырып, ызы-чуу кылбай, парламентте талаш-тартыш, талкуу болуп турганы жакшы

Урматтуу мекендештер!

Көчөгө чыгып кыйкырып, ызы-чуу кылбай, парламентте талаш-тартыш, талкуу болуп турганы жакшы. Ар бир депутаттын өзүнүн пикири, көз карашы бар. Аларды сыйлайбыз. Айрым кесиптештер Консититуцияга жамынып, өздөрүнүн бийликке болгон тарынычын айтып жатат. Алар популисттик идеяларды айтып, элдин көңүлүң башка жакка буруу аракетин көрүүдө.

Баарына эл тараза. Куру кыйкырык курсак тойгузбайт. Кимибиз реалдуу иштерди жасап, кимибиз популизм менен алек болуп келе жатабыз, анын баарын коомчулук көрүп турат. Кандай маселе болсун эл чечет. Популисттик куру кыйкырык, ишти эч качан алдыга жылдырбайт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында депутат Жанар Акаев менен айтыша кеткен. Алмазбек Атамбаев президент кезинде Акаевди «балашка» деп атаган. Ал эми Төрөбаев президент ар дайым аны сындап келгенин айтса, Атамбаев «дары болсун» дегени маалым.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт