АналитикаСаясат
Маанилүү

Бактыбек Калмаматовго чабуул башталды…

Акыркы күндөрү саясатчы Бактыбек Калмаматовго карата катуу каралоо башталды. Маалымат согушунунун артында ким турганын айтпасак да белгилүү да. Анткени, мындан 2 күн мурда “Азаттыктын” эфиринде эч ким атын атай албай жаткан президенттин “шалаакылыгын” катуу сынга алып, жүйөөлүү аргументтерди келтирип, ар бир сөзүнө далилдүү мисалдарды алып келди.

Бактыбек Калмаматовдун айткандары бүйүр кызытып, коомдук тармактарда талкууга алынды. Анын президенттин коррупцияга каршы күрөшүү моралдык укугунан ажыраганын, Матраимовдордун камалбай жатышын жана келе жаткан парламент азыркыдан 100 эсе жаман болот деп айткандары активдүү бөлүшүп жатышат.

Мисалга, белгилүү коомдук ишмер Бакыт Бешимов Бактыбек Калмаматов  суктанарлык деңгээлде өзүнүн негиздүү аргументтерин келтирип, чындыкты айтып бере алганын, ал Кыргызстандагы жогорку деңгээлге жеткен коррупция жөнүндө 99,9% саясий элита айта албаган сөздөрдү айтканын белгиледи.

Коомдук телеканалдын мурдагы директору Илим Карыпбеков «Бүгүнкү күндө бийликке жана РМге (ред. — Райымбек Матмаримовдорго) ачык каршы чыгып, Бактыбек Калмаматовдой эч кимиси сын айта алган эмес» деген оюн айтты.

«Экиленген ким жана эркекче айткан ким? Өзүңөр талдап алгыла!» деп Каныбек Осмоналиев пикир кошту.

Экиленген ким жана эркекче айткан ким? Өзүңөр талдап алгыла!

Опубликовано Каныбеком Осмоналиевым Четверг, 10 сентября 2020 г.

«Чын чычалайт» болуп Калмаматовдун ачуу сынына катуу чычалаган бийлик, бул тапта “Биримдигин” үгүттөө менен убара болуп жатканына карабастан, каршылаштарына карата кара пиар менен да көмүскө алек болуп жатканы байкалат.

Майып студенттердин акчасын жеп алып, Оштон качып кеткен Бакыт тууралуу чындыкФейсбукта Бакыт Калмаматовдун сүйлөп…

Опубликовано Кадырбеком Бердиниязовым Четверг, 10 сентября 2020 г.

Бийликтин камчысын чаап, жалаң кошоматчылык менен алектенип келаткан Gezitter.ORG сайты да Калмаматовду каралаган буюртма макала жарыялаган.

Ал эми Бактыбек Калмаматов эски күндөрдү эске салып, өзүнүн баракчасына кан ичээр Азиз Батукаев жана аны качырып жиберген бийликти катуу сынга алган видеосун чыгарган:

Эсинердеби?
Ошондо да бийликтин кошоматчылары мени жерменен жексен кылып тепкилегенсинер. «Ханга каяша айтың» деп. Мен силерге окшоп кеткенден кийин артынан эмес, алдынан чыгып бетине айтам. Бүгүн да бетке айткан чындыкка чычалап, мени жамандоо менен убарасыңар. Бектер кетет эл калат.
Урматтуу, элим! Калыс болгулачы! Хандын адилеттүүлүгү элдин калыстыгынан көз каранды.

Эсинердеби?Ошондо да бийликтин кошоматчылары мени жерменен жексен кылып тепкилегенсинер. "Ханга каяша айтың" деп. Мен…

Опубликовано Страницей «Бактыбек Калмаматов» Пятница, 11 сентября 2020 г.

Бийликке нааразы болгон элдин саны күн өткөн сайын көбөйүп баратканы жашыруун эмес. Партиялардын көпчүлүгү «оппозициябыз» деп алганы да ошондон. Бийлик тараптан Калмаматовдун айткандарына негиздүү жооп кыла ала турган, өзүнүн жүзү менен чыгып таламын талаша алган бир дагы колдоочусу жокпу? Бул бийликтин күнү фейктерге калган болсо,  абал өтө чатак…
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button