ВидеоМыйзам жана укукСаясат
Маанилүү

Бактыбек Калмаматов: Жээнбековдун маалында саясатчылар кандай шал болсо, азыр да ошондой шал

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Бирок коомчулук бул демилгеге нааразы болууда.  17-ноябрь күнү Бишкек шаарында өткнө “Люстрация – ири тазалануу форумунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов “өлкөнүн өнүкпөй жатканына мыйзам күнөөлүү эмес” деп билдириди:

5-октябрдан кийин бизге чоң жоопкерчилик жүктөлдү. “Эми силер, Жээнбековдун этегине намаз окугандар, кайра эле ошол жакка окуйсуңарбы же “оптом” Садыр Жапаров тарапка оойсуңарбы?” дейт. Окуп баштады. Жээнбековдун маалында саясатчылар кандай шал болсо, азыр да ошондой шал. Бирөөсү барьер түшүрүп алганына ыраазы, бирөөсү Конституцияга киришип алганына ыраазы. Өлкөнүн 30 жылдан бери өнүкпөй жатканына буту-колу жок китепте эмне күнөө? Бирөө тосмодон аша албай калса тосмодо эмне күнөө? 

Атап айтсак, документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button