БийликПрезидентСаясат
Маанилүү

Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коёт

Жогорку Кеңештин V чакырылышын депутаты Бактыбек Калмаматов да президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Калмаматов бүгүн, 12-ноябрда  керектүү документтерди тапшыруу үчүн саат 15:00дө Борбордук шайлоо комиссиясына бармакчы.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 15-ноябрда аяктайт. Ал эми шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт