КоомМыйзам жана укукСаясат
Маанилүү

Бактыбек Калмаматов: Коопсуздук кеңеши кайра-кайра өткөргүдөй силерге шеринеби?

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов «Коопсуздук кеңеши кайра-кайра өткөргүдөй силерге шеринеби? Беш жолу өткөргөн коопсуздук кеңешин көрдүк. 144 адамга коронавирус жукту. Кирип-чыккан эки эле жерибиз бар, ошол жерди тосо албасаңар эмне кылып отурдуңар?» деп сындады.

Коопсуздук кеңеши — бүтүндөй өлкөгө жоопкерчиликтүү эң чоң орган. Өтө оор учурларда гана чогула алат. Эки айдын ичинде беш жолу Коопсуздук кеңеши өттү.  Аялдардын чёрный кассасы деле айына бир эле жолу өтөт. Ошол эки айдан бери беш жолу Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтсө да өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бир да жолу барып текшерип койбоптур. Эмне болуп жатат деп окутууларды да өткөрбөптүр. Ал эмнеге кетпейт? Уллутук коопсуздук кызматынын жетекчиси Опумбаев деген бар. Аны эмнеге кетирбейсиңер? Милициялар сойку ташып жүрүшөт. Кашкар Жунушалиев кызматтан кетпейби? — деп бир канча аткаминерлердин аттарын атады.

Саясатчы президент өткөргөн Коопсуздук кеңешинин деңгээли  «чёрный кассадан да ылдый болуп кеттти» деп сындагандан кийин «Коопсуздук кеңеши кандай орган?» деген сыяктуу суроолор пайда болуп, анын «деңгээли» талкууга түштү.

Коопсуздук кеңеши деген эмне?

Коопсуздук кеңеши тууралуу жобо 1996-жылы кабыл алынган. Анда бул кеңеш конституциялык орган деп айтылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы чечимдерин даярдоону жүзөгө ашыруучу, кеңеш берүүчү конституциялык орган. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши  коопсуздукту камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын маселелерин, мамлекеттик, коомдук, коргонуу, маалыматтык, экологиялык жана башка коопсуздук стратегиялык маселелерин, калктын саламаттыгын сактоо, чукул кырдаалдарды божомолдоо жана алдыналуу жана алардын кесепеттерин жоюу, туруктуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук омоктуу мүдөөлөрүн сырткы жана ички коркунучтардан коргоонун ал-абалын карайт.

Ага президент төрагалык кылып, Коопсуздук кеңеши Коопсуздук кеңешинин Төрагасынан жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнөн турат. Кызмат орду боюнча төмөнкүлөр Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү болуп саналат:

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
  2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
  3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги;
  4. милдеттүүлүктөрүнүн чөйрөсүнө укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери кирген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
  5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери;
  6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөлөрү эң көп сандагы оппозициялык фракциясынын лидери;
  7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргонуу жана коопсуздук маселелерин алып баруучу комитетинин төрагасы;
  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;
  9. Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
  11. тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  12. финансы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  13. ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  14. чукул кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  15. улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  16. коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

Коопсуздук кеңеш президенттин жарлыгы менен түзүлөт жана курамы аныкталат.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов жогорудагы пикирлерин блогер Азирет Осмонов менен социалдык тармактардагы түз эфирде билдирген.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close