СаясатЭкономика
Маанилүү

Бактыбек Калмаматов: Энергетика тармагы жылына кеминде $500 миллион киреше тапса болот.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттардын экинчи турунун үчүнчү күнүндө да беш талапкер беттешти.

Энергетика тармагы боюнча берилген суроого Бактыбек Калмаматов энергетикалык көз карандысыздык жөнүндө кеп козгоп, аны чечүүгө өлкө башчыларынын саясий эрки жетпей жатканын айтып, Орусияны ыктаган саясатты сындап өттү. Анын айтымында, Кыргыз Республикасы Орто Азиянын аккумулятору боло ала турган мүмкүнчүлүктөрү бар.

«Мамлекеттин эгемендүүлүгү жок болгону үчүн, мамлекеттүүлүк кагаздын бетинде калганы үчүн, биз миллиарддаган акчаларды отун-энергетикалык каражаттарды сатып алууга жумшап жатабыз. Биз бүгүнкү күнгө чейин отун-энергетикага болгон көз карандылыктан чыга албай келе жатабыз. Биз миллиарддаган доллар акчаларды, эгемендүүлүгүбүз жок болгондуктан, сыртка чыгарып жиберип жатабыз. Мамлекет жылына кеминде 50 млрд. куб суу өндүргөн болсо, анын 13-14 млрдын гана калдонуп, 30 млрд. куб сууну жөн гана агызып жиберип жатат. Башкача айтканда, мамлекет 200 млрд. кв/с өндүрүүгө потенциалы жетип турса да, тилекке каршы 15 млрд. кв/c өндүрүүдөбүз. Бул мамлекеттин ички экономикасына чыккынчылык болуп саналат. Бул мамлекеттин ичинен эмес, сыртынан чечилет экенин түшүншүбүз керек. Эгер биз жеңип келе турган болсок, энергетика тармагы жылына кеминде 500 миң доллар киреше тапса болот. Тилекке каршы бул тармак бүгүн карызга батып, Эбегейсиз жоготууларга учурап жатат. Бул бизди жакшылыкка алып барбайт. Бул ички көйгөйлөрдөн эмес, тышкы саясатка болгон биздин саясатчылардын чыккынчылыгынан экенин билишибиз керек.»

Эске салсак, 8-январда өтүп жаткан теледебатка Улукбек Кочкоров, Бабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов жана Мыктыбек Арстанбек катышып жатышат.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Президенттик жарышка 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салды.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт